Максаттуу мектеп мугалимдеринин "Mugalim EDU" STEAM билим берүү боюнча эксперттери менен жолугушуусу
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 2023-жылы Талас облусунун Талас районундагы Беш-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылындагы Байсейит уулу Эшманбет атындагы орто мектебинде ИКТ кабинетин жана видеотасма тартуу студиясын жабдуу долбоорун аяктады.
2024-жылы GNKGZ мектеп мугалимдери үчүн STEAM билим берүү технологиясы боюнча бир катар программалык тренингдерди өткөрүүнү пландаштырууда.
STEAM технологиясы боюнча окутуучу өнөктөштөрүбүз (https://mugalim-edu.com/) мектеп мугалимдери менен жолугушуп, алардын жаңы окутуу технологиясын түшүнүү жана өздөштүрүү деңгээлин баалашты. Алдыдагы тренингдердин натыйжалуулугун максималдуу жогорулатуу максатында мугалимдердин бардык сунуштары жана комментарийлери эске алынды.
Долбоордун максаты — мектептин базасында STEAM борборлорун түзүү, анда балдар жаңы инновациялык ыкма менен мектеп программасын окушат жана алган билимдерин практикада колдонушат. Борборлордо мектеп билимдерин практикалык өздөштүрүү үчүн бардык алдыңкы аспаптар жана жабдыктар жеткиликтүү болот.
#Education #STEAM
Мектеп жашында балдар олуттуу ички жана тышкы өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Бул фонодо көп учурда чыр-чатактар келип чыгат, ал эми буллинг көмүскөдө калышы мүмкүн — чоңдор аны же өтө кеч аныкташат, же таптакыр байкабай калышат.
Ош шаарындагы А. Алиев атындагы №30 орто мектептин директору Сулайманова Нускайым Аманбаевна эмне үчүн алдын алуунун салттуу чаралары мындан ары жетишсиз болуп жатканы менен бөлүшөт. Өспүрүмдөрдү чындап коргоо үчүн мугалимдерге жаңы методикалар, көрсөтмөлөр жана эң башкысы — баарлашууга туура мамиле керек.
Инстаграм видеосу
Бишкекте мугалимдер жана социалдык педагогдор үчүн Коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча методикалык колдонмону жайылтууга багытталган тренерлер үчүн төрт күндүк интенсивдүү тренинг аяктады.
Бул демилге Good Neighbors Эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте ишке ашырылды.
Курсту өткөргөн тренерлер окуу жайларында корголгон атмосфераны түзүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти:
«Коопсуздуксуз сапаттуу билим алуу да, баланын дени сак өнүгүүсү да мүмкүн эмес. Физикалык коркунучтарды гана эмес, зомбулукту жана буллингди да өз убагында байкап, аныктоо маанилүү. Балдар мектептерде да, бала бакчаларда да өздөрүн физикалык жактан да, психологиялык жактан да корголгон сезиши керек!»
Инстаграм видеосу
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эркимбеков Алтынбек Эркимбекович «Коопсуз билим берүү чөйрөсү» методикалык колдонмосу боюнча өткөрүлгөн тренерлер үчүн төрт күндүк тренингдин жыйынтыгын чыгарды.
Алтынбек Эркимбекович өз маегинде мектептеги корголгон атмосфераны түзүү мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана педагогикалык коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылаарын баса белгиледи.
Инстаграм видеосу