Кооперативдер — потенциалды жогорулатуу боюнча окуу
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс өткөн дем алыш күндөрү Болот Мамбетов, Бел-Ады, Жапалак Айыл Өкмөттөрүндөгү жана Айым кооперативдеринин мүчөлөрүнө потенциалды жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү.
Тренингдин негизги максаты кооперативдердин мүчөлөрүнүн көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатуу болгон. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Финансылык сабаттуулук, Кыргыз Республикасында салык салуу жана салыктык жөнгө салуунун негиздери, бухгалтердик эсеп жана долбоорду башкаруу боюнча көбүрөөк маалымат алышты. Потенциалды жогорулатуу боюнча тренингди бул багыттар боюнча квалификациялуу эксперттер алып барышты.
Маалыматтык сессиялардан тышкары тренинг кооперативдин мүчөлөрү үчүн бир арага келип, бири-бири менен тажрыйба алмашуу үчүн сонун аянтча болду. Алдыдагы оруп-жыюу маалында түшүмдүн жемиштүү болушун каалайбыз.
#Cooperatives #Training
Биздин жамааттардагы Бүтүрүүчүлөрдү Колдоо Программасынын алкагында, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс жогорку класстын окуучулары жана бүтүрүүчүлөр үчүн бир катар тренингдерди өткөрдү. Бул долбоор кесиптик багыт берүү, көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган.
Катышуучуларыбыз баалуу кеңештерди жана билимди гана алышпастан, экскурсияларга жана мастер-класстарга да барып, билим алуу жана иштөө шарттарын өз көздөрү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул ийгиликтүү келечек түзүү үчүн шыктандыруучу, практикалык тажрыйба алууга жана кандай кадамдарды жасоо керектигин түшүнүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Биз мындай демилгелер жаштардын потенциалын ачууга жана кесипти аң-сезимдүү тандоого жардам берет деп ишенебиз. Биздин айылдардагы жана анын чегинен тышкары жаш муунду колдогон жана шыктандырган баардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз!
#SponsorshipService #GraduatesSupportProgram
Рулда аялдар – стереотиптерди өзгөртүү жана таксилерди баарына жеткиликтүү кылуу!
Демилге жана шыктандыруучу окуялар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн YouTube'дагы толук видеону көрүңүз!
https://youtu.be/bun0aOjVKaA?si=yxAFGLmuJZyckopT
Бул видеодон сиздер биздин "Аялдар таксиси" долбоорубуздан кадрларды көрө аласыздар, анда айдоочу айымдар тайманбай айдап, өзгөчө камкордукка муктаж болгондорго жардам беришет. Биздин долбоор теңдикти колдойт жана айдоочулук кесип жынысына карабастан бардыгы үчүн ачык экенин көрсөтөт.
#WomenTaxi #IncomeGeneration
2024-жылдын 2-ноябрында Good Neighbors Kyrgyz Republic "Кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү клубу 2024" долбоорунун алкагында кыздар үчүн футбол боюнча кубок өткөрдү.
Бул долбоор кыздарга күчтүү болуп, максаттарына жетүүгө, стереотиптерден арылууга жана өзүнө болгон ишенимди бекемдөөгө жардам берет. Биз спорт жаштардын ички потенциалын ачып, аларды бириктирүүнүн мыкты жолу экенине ишенебиз.
#Advocacy #GirlsEmpowermentClub #GirlsFootball