Жаңы жашоо үчүн өзгөргөн: Сергейдин окуясы

https://youtu.be/LlkzgK5di1I?si=gIukSD9BMwVKzUZ0

Бул видеодо Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюмунун Аялдар таксиси – инклюзивдик такси долбоорунун кардары Сергей Еременконун окуясы менен бөлүшөт. Биринчи топтогу майып Сергей майыптар коляскасына таянат жана биздин инклюзивдүү кызматтын аркасында ал эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Эми биз ага мындан да чоң максатка — “Жаңы Жашоо” клиникасында реабилитациялоого жардам берүүнү көздөп жатабыз.

Видеонун аягында клиниканын директору Сергейдин айыгып кетүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшүп, анын булчуңдары дагы эле активдүү жана калыбына келтирилиши мүмкүн экенин түшүндүрөт. Сергей биздин колдообузга муктаж жана биз аны дарылоо үчүн каражат чогултуу аракетин жарыялап жатабыз. Бул видео биздин каражат чогултуу долбоорунун бир бөлүгү жана маанилүү өзгөрүүлөргө шыктандыруучу кадам.

Сергейге көз карандысыз жашоо жолунда жардам бер!

 

Биздин банк реквизиттери

Демир Банк эсеби 1180000103968042

Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс

 

#WomenTaxi #InclusiveTaxi

Башка жаңылыктар:
Балдарды коргоо күнү!

2025-жыл Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунда балдардын укугун коргоо жылы деп жарыяланган.

Ушул тематикалык жылдын алкагында, 31-май, 2025-жыл, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун балдары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.

"Манас" кинотеатрында анимациялык фильмдин атайын кинотасмасы көрсөтүлүп, андан соң балдарга белектер тапшырылды. Иш-чарага 500гө жакын бала катышты.

Катышуучуларга саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович кайрылышты. Алар балдарды майрамы менен куттуктап, балдардын укуктарын коргоонун жана өсүп келе жаткан муунду ар тараптан колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Толугу менен окуңуз
Баткен облусунун администрациясы менен меморандумга кол коюлду

Баткен облусунун губернаторунун администрациясы менен келишим түздү. Бул аймактагы негизги демилгелерди ишке ашыруу үчүн биздин өнөктөштүктү бекемдөөдөгү маанилүү кадам.
Учурдагы жана келечектеги демилгелерди талкууладык:
• Айылдарды Комплекстүү Өнүктүрүү Долбоору (IRDP)
• Билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштарды өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү иштерди кеңейтүү
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуу
Биз Баткен областынын администрациясына региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешип иштөөгө болгон ишеними жана даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз! 🌍✨
#Өнүгүү #билимберүү #жаштар #өнөктөштүк

Толугу менен окуңуз
CDP мектептерде санитардык комплекстер ачылды

🎉Эки айылдык мектепте: Төмөнкү-Чүй айылында (Көк-Чу CDP) (200гө жакын окуучу) жана Эшперов айылында (Болот Мамбетов CDP) (350гө жакын окуучу) заманбап санитардык комплекстердин ачылышы болду.

Жаңы курулган санитардык жайлар бардык окуучулардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын (МЧБ) муктаждыктарын эске алуу менен, ошондой эле кыздар үчүн гигиеналык жана купуя шарттарды камсыз кылуу максатында долбоорлонгон. Ар бир комплекс пандус, жылуу суу менен жабдылган кол жуучу жайлар, жылытуу системасы жана купуя кабиналар менен камсыздалган.

Курулуш иштери бардык санитардык жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлдү. Таштандыларды коопсуз жана экологиялык жактан таза түрдө утилдештирүү үчүн заманбап септиктер орнотулган.

Бул иш-чара ар бир бала өзүн коопсуз, ыңгайлуу жана сыйлуу сезе турган инклюзивдүү жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө болгон чоң кадам болуп саналат.

Толугу менен окуңуз