Үмүт стипендия программасы - келечектеги лидерлерди колдоо!
Биз "Үмүт" Стипендия Программасынын 4 аймактарында: Болот Мамбетов, Көк-Чү, Бел-Алды жана Жапалакта ийгиликтүү ишке ашкандыгы тууралуу кубануу менен бөлүшөбүз.
Программага 9, 10 жана 11-класстын 65 окуучусу катышып, мыкты окуу жетишкендиктерин жана мектеп жашоосуна активдүү катышуусун көрсөтүштү.
Катышуучулар эмне алышты?
— Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 3000 сом стипендия.
— Окуу үчүн керектүү кеңсе товарларынын топтому.
— Мыкты окуу жетишкендиктери жана мектеп иш-чараларына активдүү катышкандыгы үчүн сертификат.
Бул эмнеге маанилүү?
Программа таланттуу жана активдүү жаштарды колдоого, алардын өсүп-өнүгүүсүнө стимул берүүгө багытталган.
Биз ар бир катышуучубуз менен сыймыктанабыз жана бул долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Кыялдарыңарга ишенип, бул программа жаңы жетишкендиктердин башталышы болсун!
#Education #Scholarship #HopeScholarship
2025-жыл Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунда балдардын укугун коргоо жылы деп жарыяланган.
Ушул тематикалык жылдын алкагында, 31-май, 2025-жыл, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун балдары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.
"Манас" кинотеатрында анимациялык фильмдин атайын кинотасмасы көрсөтүлүп, андан соң балдарга белектер тапшырылды. Иш-чарага 500гө жакын бала катышты.
Катышуучуларга саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович кайрылышты. Алар балдарды майрамы менен куттуктап, балдардын укуктарын коргоонун жана өсүп келе жаткан муунду ар тараптан колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Баткен облусунун губернаторунун администрациясы менен келишим түздү. Бул аймактагы негизги демилгелерди ишке ашыруу үчүн биздин өнөктөштүктү бекемдөөдөгү маанилүү кадам.
Учурдагы жана келечектеги демилгелерди талкууладык:
• Айылдарды Комплекстүү Өнүктүрүү Долбоору (IRDP)
• Билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштарды өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү иштерди кеңейтүү
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуу
Биз Баткен областынын администрациясына региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешип иштөөгө болгон ишеними жана даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз! 🌍✨
#Өнүгүү #билимберүү #жаштар #өнөктөштүк
🎉Эки айылдык мектепте: Төмөнкү-Чүй айылында (Көк-Чу CDP) (200гө жакын окуучу) жана Эшперов айылында (Болот Мамбетов CDP) (350гө жакын окуучу) заманбап санитардык комплекстердин ачылышы болду.
Жаңы курулган санитардык жайлар бардык окуучулардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын (МЧБ) муктаждыктарын эске алуу менен, ошондой эле кыздар үчүн гигиеналык жана купуя шарттарды камсыз кылуу максатында долбоорлонгон. Ар бир комплекс пандус, жылуу суу менен жабдылган кол жуучу жайлар, жылытуу системасы жана купуя кабиналар менен камсыздалган.
Курулуш иштери бардык санитардык жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлдү. Таштандыларды коопсуз жана экологиялык жактан таза түрдө утилдештирүү үчүн заманбап септиктер орнотулган.
Бул иш-чара ар бир бала өзүн коопсуз, ыңгайлуу жана сыйлуу сезе турган инклюзивдүү жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө болгон чоң кадам болуп саналат.