IRDP айылдары улуттук деңгээлде таанылды: «Мыкты айыл өкмөтү» сынагында 1- жана 3-орун
🏆 IRDP айылдарына сыймык: Жоош жана Чоң-Алай республикалык сынакта жеңүүчү болушту! 🏆
Сиздер менен чоң кубанычтуу жаңылыкты бөлүшөбүз! Жоош жана Чоң-Алай айыл өкмөттөрү, биздин Интеграцияланган айылдык өнүктүрүү долбоору (IRDP) боюнча катышкан жамааттар, «2024-жылдын мыкты айыл өкмөтү» деген ардактуу наамга ээ болушту. Бул атаандаштыкка өлкө боюнча 235 айыл өкмөтүкатышып, Жоош 1-орунду, ал эми Чоң-Алай 3-орунду жеңип алышты! 🇰🇬✨
Бул республикалык конкурс ар жылы өткөрүлүп, эң мыкты башкарылган, жарандар активдүү катышкан жана туруктуу өнүгүүгө багытталган айыл өкмөттөрү аныкталат. Мындай жеңиш — бул эффективдүү башкаруунун, жарандардын биримдигинин жана муундан муунга өтчү оң өзгөрүүлөрдүн далили.
2021-жылдан бери Good Neighbors уюму KOICA менен биргеликте Кыргызстандын түштүгүндөгү 30 айылда төмөнкү багыттар боюнча иш алып барууда:
✅ Коомдук инфраструктураны жакшыртуу (мектептер, суу түтүктөрү, жолдор ж.б.)
✅ Жергиликтүү тургундардын киреше табуусун колдоо жана чакан ишкердикти өнүктүрүү
✅ Айымдардын коомдук турмушка активдүү катышуусун камсыз кылуу
✅ Айыл өкмөттөрдүн саясий жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө
Жоош жана Чоң-Алайдагы бул чоң жетишкендик — эл менен жергиликтүү бийликтин тилектештигинин жана өз ара колдоосунун жемиши. Бул — бүтүндөй жамааттын жеңиши!
Жеңүүчүлөрдү чын дилибизден куттуктайбыз жана мындан ары да өнүгүүнүн үлгүсү боло берүүнү каалайбыз! 💪🏽🏡
#GoodNeighborsKyrgyzRepublic #KOICA #IRDP #ЖамаатӨнүгүүсү #Кыргызстан #АйылСыймыгы #АйылӨкмөтү2024 #ТуруктууӨнүгүү #БиргеӨзгөрүүгө
2024-жылдын 8-октябрь күнү "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемеси Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы бала бакчанын жаңыланган ашканасынын ачылыш аземин өткөрдү. Бул долбоордун алкагында "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" бала бакчанын жетекчилигине жана администрациясына керектүү курулуш материалдары, ошондой эле заманбап жабдуулар берилген. Заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы ашкана балдарга пайдалуу азыктар менен тамактанууга жана дени сак болууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле күнү, жергиликтүү бийлик органдарынын, медициналык мекеменин кызматкерлеринин, жергиликтүү тургундардын жана "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемесинин биргелешкен аракети менен өткөрүлгөн оңдоо иштеринин алкагында жаңыланган медициналык борбордун инфраструктурасын ишке киргизүү аземи болуп өттү. "Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс" мекемесинин каржылоосу жана көмөктөшүүсү менен медициналык борбордун суу менен камсыздоо системасы реконструкцияланган жана бардык негизги бөлмөлөрү ичүүчү таза суу менен камсыз болду.
Бул медициналык борбор регион үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени Токтогул районунун тургундарына гана жардам көрсөтпөстөн (30 миңге жакын адам), ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы аварияларды да тейлейт.
#GoodChange #CommunityDevelopment #CleanWaterAccess
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл өкмөтүндөгү акыркы селдин кесепетинен жабыр тарткан Эшперов жана Ак-Сай айылдарынын тургундарына атайын керектуу буюмдарды тапшырды.
32 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү, алардын ичинен Ак-Сай айылынан 25 үй-бүлө жана Эшперов айылынан 7 үй-бүлө. Жардамдын алкагында жабыркагандарга азык-түлүк, керектүү буюмдар жана жеке гигиена каражаттары берилди.
Бул колдоо табигый кырсыктардан улам татаал кырдаалга туш болгон адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Уюм жабыр тарткан аймактардагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда.
#EmergencyRelief #EmergencyKit
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс өткөн дем алыш күндөрү Болот Мамбетов, Бел-Ады, Жапалак Айыл Өкмөттөрүндөгү жана Айым кооперативдеринин мүчөлөрүнө потенциалды жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү.
Тренингдин негизги максаты кооперативдердин мүчөлөрүнүн көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатуу болгон. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Финансылык сабаттуулук, Кыргыз Республикасында салык салуу жана салыктык жөнгө салуунун негиздери, бухгалтердик эсеп жана долбоорду башкаруу боюнча көбүрөөк маалымат алышты. Потенциалды жогорулатуу боюнча тренингди бул багыттар боюнча квалификациялуу эксперттер алып барышты.
Маалыматтык сессиялардан тышкары тренинг кооперативдин мүчөлөрү үчүн бир арага келип, бири-бири менен тажрыйба алмашуу үчүн сонун аянтча болду. Алдыдагы оруп-жыюу маалында түшүмдүн жемиштүү болушун каалайбыз.
#Cooperatives #Training