Балдарды коргоо күнү!
2025-жыл Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунда балдардын укугун коргоо жылы деп жарыяланган.
Ушул тематикалык жылдын алкагында, 31-май, 2025-жыл, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун балдары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.
"Манас" кинотеатрында анимациялык фильмдин атайын кинотасмасы көрсөтүлүп, андан соң балдарга белектер тапшырылды. Иш-чарага 500гө жакын бала катышты.
Катышуучуларга саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович кайрылышты. Алар балдарды майрамы менен куттуктап, балдардын укуктарын коргоонун жана өсүп келе жаткан муунду ар тараптан колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Мектеп жашында балдар олуттуу ички жана тышкы өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Бул фонодо көп учурда чыр-чатактар келип чыгат, ал эми буллинг көмүскөдө калышы мүмкүн — чоңдор аны же өтө кеч аныкташат, же таптакыр байкабай калышат.
Ош шаарындагы А. Алиев атындагы №30 орто мектептин директору Сулайманова Нускайым Аманбаевна эмне үчүн алдын алуунун салттуу чаралары мындан ары жетишсиз болуп жатканы менен бөлүшөт. Өспүрүмдөрдү чындап коргоо үчүн мугалимдерге жаңы методикалар, көрсөтмөлөр жана эң башкысы — баарлашууга туура мамиле керек.
Инстаграм видеосу
Бишкекте мугалимдер жана социалдык педагогдор үчүн Коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча методикалык колдонмону жайылтууга багытталган тренерлер үчүн төрт күндүк интенсивдүү тренинг аяктады.
Бул демилге Good Neighbors Эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте ишке ашырылды.
Курсту өткөргөн тренерлер окуу жайларында корголгон атмосфераны түзүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти:
«Коопсуздуксуз сапаттуу билим алуу да, баланын дени сак өнүгүүсү да мүмкүн эмес. Физикалык коркунучтарды гана эмес, зомбулукту жана буллингди да өз убагында байкап, аныктоо маанилүү. Балдар мектептерде да, бала бакчаларда да өздөрүн физикалык жактан да, психологиялык жактан да корголгон сезиши керек!»
Инстаграм видеосу
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эркимбеков Алтынбек Эркимбекович «Коопсуз билим берүү чөйрөсү» методикалык колдонмосу боюнча өткөрүлгөн тренерлер үчүн төрт күндүк тренингдин жыйынтыгын чыгарды.
Алтынбек Эркимбекович өз маегинде мектептеги корголгон атмосфераны түзүү мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана педагогикалык коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылаарын баса белгиледи.
Инстаграм видеосу