Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Токтогул районундагы коомчулуктарды өнүктүрүү долбо

2026-жылдын 12–13-март күндөрү Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхёнг Токтогул районундагы Бел-Алды, Уч-Терек жана Котормо айылдарына иш сапары менен барып, ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары жана коомчулуктарды өнүктүрүүгө багытталган учурдагы демилгелер менен таанышты.

Иш сапардын алкагында Токтогул районунун акиминин биринчи орун басары Асанов Аскат Таштемирович менен жолугушуу болуп өттү. Тараптар өткөн жылдагы биргелешкен иштин жыйынтыктарын, мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусундагы биргелешкен каржылоо негизинде ишке ашырылып жаткан долбоорлордун туруктуулугун талкуулашты.

Уч-Терек айылындагы К. Токторалиев атындагы  №30 орто мектепте директор «Дени сак тамактануу» долбоорунун алкагында орнотулган ашкана жабдуулары менен таанышып, мектептеги тамактануу шарттарын жана санитардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган иштер менен таанышты. Ошондой эле Girls Friendly Toilets долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, анын курулушу аяктоо баскычына жакындап калгандыгы белгиленди.

Бел-Алды айылында директор Мукаш Жамгырканов атындагы мектепке барып, биргелешкен каржылоо негизинде түзүлгөн IT-класс жана орнотулган интерактивдүү такталар менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө окуучулар санариптик жабдууларды окуу процессинде кантип колдонуп жатканын көрсөтүштү. Заманбап технологияларды киргизүү окуучулардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.

Котормо айылында директор Абды Суеркулов айыл өкмөтү жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун биргелешкен аракеттеринин натыйжасында түзүлгөн бала бакчага барды. Сапардын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүнүн туруктуулугу жана мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында, иш сапар коомчулуктардын активдүү катышуусу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун оң таасирин тастыктап, жергиликтүү тургундар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун ортосундагы өнөктөштүктүн туруктуу аймактык өнүгүү үчүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи.

Башка жаңылыктар:
Балдарга демөөрчүлүк бүтүрүүчүлөрдү колдоо программасы

Биздин жамааттардагы Бүтүрүүчүлөрдү Колдоо Программасынын алкагында, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс жогорку класстын окуучулары жана бүтүрүүчүлөр үчүн бир катар тренингдерди өткөрдү. Бул долбоор кесиптик багыт берүү, көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга багытталган.

Катышуучуларыбыз баалуу кеңештерди жана билимди гана алышпастан, экскурсияларга жана мастер-класстарга да барып, билим алуу жана иштөө шарттарын өз көздөрү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул ийгиликтүү келечек түзүү үчүн шыктандыруучу, практикалык тажрыйба алууга жана кандай кадамдарды жасоо керектигин түшүнүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Биз мындай демилгелер жаштардын потенциалын ачууга жана кесипти аң-сезимдүү тандоого жардам берет деп ишенебиз. Биздин айылдардагы жана анын чегинен тышкары жаш муунду колдогон жана шыктандырган баардык адамдарга ыраазычылык билдиребиз!

 

#SponsorshipService #GraduatesSupportProgram

Толугу менен окуңуз
"Аялдар таксиси"

Рулда аялдар – стереотиптерди өзгөртүү жана таксилерди баарына жеткиликтүү кылуу!

 

Демилге жана шыктандыруучу окуялар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн YouTube'дагы толук видеону көрүңүз!

https://youtu.be/bun0aOjVKaA?si=yxAFGLmuJZyckopT

 

Бул видеодон сиздер биздин "Аялдар таксиси" долбоорубуздан кадрларды көрө аласыздар, анда айдоочу айымдар тайманбай айдап, өзгөчө камкордукка муктаж болгондорго жардам беришет. Биздин долбоор теңдикти колдойт жана айдоочулук кесип жынысына карабастан бардыгы үчүн ачык экенин көрсөтөт.

 

#WomenTaxi #IncomeGeneration

Толугу менен окуңуз
Кыздар футболу боюнча Гуд Нейборс Кубогу

2024-жылдын 2-ноябрында Good Neighbors Kyrgyz Republic "Кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү клубу 2024" долбоорунун алкагында кыздар үчүн футбол боюнча кубок өткөрдү.

Бул долбоор кыздарга күчтүү болуп, максаттарына жетүүгө, стереотиптерден арылууга жана өзүнө болгон ишенимди бекемдөөгө жардам берет. Биз спорт жаштардын ички потенциалын ачып, аларды бириктирүүнүн мыкты жолу экенине ишенебиз.

 

#Advocacy #GirlsEmpowermentClub #GirlsFootball

Толугу менен окуңуз