Good Neighbors Kyrgyz Republic жана КНАУ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

2026-жылдын 21-майында Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин, биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыттарын, ошондой эле айыл чарба, билим берүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инновациялык агротехнологияларды киргизүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана фермерлердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Good Neighbors Kyrgyz Republic менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум заманбап агротехнологияларды киргизүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, анын ичинде IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясы аркылуу иш алып баруу, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Кол коюу аземинен кийин Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү үчүн IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясына экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө лабораториянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде заманбап биотехнологияларды колдонуу менен вируссуз картошка жана башка айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча иштер тааныштырылды.

Белгилей кетсек, ушул жылы Good Neighbors Kyrgyz Republic университет менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Болот Мамбетов айылында вируссуз көчөттөрдү өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.

Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган туруктуу жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Башка жаңылыктар:
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!

1. Сынак: «3–6 жаштагы балдар үчүн тиш щеткаларын жана пасталарын жеткирүү»

Долбоор жөнүндө: Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 20 максаттуу бала бакчанын балдарын ооз көңдөйүнүн жеке гигиеналык каражаттары менен камсыздоо. Долбоор 3–6 жаштагы балдар үчүн 1 754 даана тиш щеткасын жана 1 754 даана тиш пастасын сатып алууну, ташууну жана түшүрүүнү камтыйт.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 25-сентябры, саат 17:30га чейин

Тапшыруу ыкмасы: «Поставка детских зубных щеток и паст» (3–6 жаштагы балдар үчүн тиш щеткаларын жана пасталарын жеткирүү) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына

Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 14.09.2026-жылдагы №31764 «Сынак: 3–6 жаштагы балдар үчүн тиш щеткаларын жана тиш пасталарын сатып алуу жана жеткирүү» номери астынан караңыздар.


2. Сынак: «Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн «Эмне үчүн тишти тазалоо маанилүү?» деген темада интерактивдүү программа өткөрүү»

Долбоор жөнүндө: Сокулук, Тон, Токтогул райондорунун жана Ош шаарынын бала бакчаларында 3–6 жаштагы балдар үчүн 20 кесипкөй интерактивдүү шоу-программаны (ар бири 1–1.5 сааттан) уюштуруу жана өткөрүү. Милдеттерге программаны иштеп чыгуу, үн аппаратурасы, костюмдар жана реквизиттер менен камсыздоо, ошондой эле жер-жерлерге чыгуу менен кеминде 4 аниматордон турган команданын иштөөсү кирет.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 25-сентябры, саат 17:30га чейин

Тапшыруу ыкмасы: «Проведение интерактивной программы» (Интерактивдүү программаны өткөрүү) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына

Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 14.09.2026-жылдагы №31767 «Сынак: Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн «Эмне үчүн тишти тазалоо маанилүү?» деген темада интерактивдүү программа өткөрүү» номери астынан караңыздар.


3. Сынак: «Бала бакча тарбиячыларын ооз көңдөйүнүн гигиенасы боюнча окутуу үчүн медициналык билими бар тренердин кызмат көрсөтүүлөрү»

Долбоор жөнүндө: 20 максаттуу бала бакчанын 110 тарбиячысы үчүн 3 сааттык практикалык тренингдерди өткөрүүгө медициналык билими бар квалификациялуу адисти тартуу. Программа окутуу жана презентациялык материалдарды иштеп чыгууну, окутууга чейинки жана кийинки билимди баалоону, ошондой эле жаактын кесипкөй макетин колдонуу менен тишти туура тазалоо техникасын практикалык көрсөтүүнү камтыйт.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 25-сентябры, саат 17:30га чейин

Тапшыруу ыкмасы: «Тренинг для воспитателей детских садов по вопросам гигиены полости рта» (Бала бакча тарбиячылары үчүн ооз көңдөйүнүн гигиенасы боюнча тренинг) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына

Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 14.09.2026-жылдагы №31768 «Сынак: Бала бакча тарбиячыларын ооз көңдөйүнүн гигиенасы боюнча окутууну өткөрүү үчүн медициналык билими бар тренердин кызмат көрсөтүүсү» номери астынан караңыздар.


4. Сынак: «Сантехникалык жана курулуш материалдарын сатып алуу»

Долбоор жөнүндө: Сокулук районунун А. Токомбаев атындагы орто мектебинин (Камышановка айылы) жана Нижне-Чуйский мектебинин (Мирнин айылы) 1 060 окуучусу жана кызматкери үчүн "Суу, санитария, гигиена (WASH)" долбоорунун алкагында санитардык-гигиеналык инфраструктураны жакшыртуу. Долбоор соргуч (насос) жабдууларын, суу ысыткычтарды, аралаштыргычтарды (смеситель), түтүктөрдү, электр буюмдарын жана курулуш материалдарын сатып алууну, ташууну жана түшүрүүнү камтыйт.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 27-сентябры, саат 17:30га чейин

Тапшыруу ыкмасы: «Материалы WASH для школ с. Камышановка и с. Мирное» (Камышановка айылы жана Мирное айылындагы мектептер үчүн WASH материалдары) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына

Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 15.09.2026-жылдагы №31784 «Сынак: Сантехникалык жана курулуш материалдарын сатып алуу» номери астынан караңыздар.

Толугу менен окуңуз
Офтальмологиялык текшерүү: этникалык корейлерди колдоо долбоорунун алкагында

Жаш өткөн сайын үзгүлтүксүз диагностикадан өтүү өмүрлүк зарылчылыкка айланат, бирок жогорку чыгымдардан улам улгайган адамдар жана пенсионерлер үчүн заманбап клиникаларда толук текшерүүдөн өтүү дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт.

Бишкекте жана Чүй облусунда балдары чет өлкөгө иштеп кетишкен улгайган этникалык корейлер аз эмес. Good Neighbors (2026) изилдөөсүнө ылайык, алардын 77,9% көз көйгөйлөрүнөн жабыркайт, ал эми 89,4% жеке офтальмологдордун кызматтарын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Өз убагында дарыланбаса, адамдар бара-бара көрүүсүнөн ажырап, жалгыздыкта калышат.

Бул каржылык барьерди жоюу үчүн Good Neighbors Kyrgyz Republic, Түштүк Кореянын Эл аралык саламаттыкты сактоо фонду (KOFIH) жана Кыргызстан корейлеринин коому менен биргеликте көз ооруларын акысыз диагностикалоо жана дарылоо долбоорун башташты. Мындай колдоонун башкы натыйжасы — коркунучтуу ооруларды өз убагында аныктоо: текшерүү учурунда катышуучулардын биринен дарыгерлер биринчи жолу катарактаны таап, зарыл болгон операцияга өз убагында багытташты.

Медосмотрдун катышуучусу менен маектен:

Ким Людмила, корей диаспорасынын өкүлү:

«Бул демөөрчүлүк жардам болбосо, мен мындай заманбап клиникага келе алмак эмесмин. Мени текшерип, катарактаны аныкташты — операция жасоону сунушташты. Пенсионерлерге диагностиканы төлөө оор, ошондуктан биз камкордук, дарыгерлердин кунт коюп мамиле жасаганы жана кезексиз сонун уюштурулганы үчүн абдан ыраазыбыз!»

Инстаграм видеосу

Толугу менен окуңуз
Стандарттык кадр же IMAX: Жүрөктөрдө калуучу өзгөрүүлөрдүн тарыхы

- Ар бир баланын өнүгүүсү үчүн коопсуз мейкиндик.
- Айылдык үй-бүлөлөр үчүн жаңы ресурстар жана билимдер.
- Өз турмушун жакшы жагына өзгөртүүгө кудуреттүү ынтымактуу коомчулук.
- Үстүртөн гана жардам эмес, өз күчүнө болгон ишенимди тартуулаган колдоо.

Жардам көрсөтүү окуяларынын баары эле камеранын объективине түшө бербейт. Бирок анын натыйжасы адамдардын жүрөгүндө калат.

2014-жылдан бери Good Neighbors Kyrgyzstan Кыргызстандын региондорундагы кедейликти жеңүү жана балдардын укуктарын коргоо багытында активдүү иш алып барууда. Айыл тургундары менен биргеликте биз ачкачылыкка жана айласыздыкка орун жок, ал эми өнүгүү, өз ара жардамдашуу жана ишенимдүү колдоо бар келечекти куруп жатабыз.

Ар бир кайрымдуу иш кичинекей кадамдан башталат. Сиз да ушул өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү болуп, балага бактылуу келечек тартуулай аласыз.

Биздин долбоорлорду кайрымдуулук каражат менен колдоңуздар — биргеликте биз дагы көптөгөн үй-бүлөлөргө жардам бере алабыз. 💚

Карусельдин аягындагы QR-кодду сканерлөө аркылуу кайрымдуулук кылсаңыз болот.

Толугу менен окуңуз