Кыргыз Республикасында Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча
2026-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, KOICA жана Good Neighbors International уюму Кыргыз Республикасында Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумга кол коюу айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө жана айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган өнөктөштүктү чыңдоодогу маанилүү кадам болду.
Долбоордун экинчи фазасы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып, фермерлерди жана айыл чарба кооперативдерин колдоону, айылдык жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү, микрокредиттөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, ошондой эле агрардык секторго заманбап технологияларды киргизүүнү камтыйт.
Долбоор 2021–2025-жылдары ийгиликтүү ишке ашырылган биринчи фазанын уландысы болуп саналат. Бул мезгил аралыгында айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, мал чарбасын өнүктүрүү, айылдык инфраструктураны жакшыртуу жана айылдык үй чарбаларынын кирешелерин көбөйтүү боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетишилди.
Долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруу аймактардын агроөнөр жай потенциалын мындан ары өнүктүрүүгө, айылдык жамааттардын экономикалык туруктуулугун чыңдоого жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
22-июнь 2024-жылы "Айым" аялдар коомчулугу Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс менен биргеликте кыймылы чектелген адамдар үчүн Ысык-Ата районунун тоолоруна саякат уюштурушкан.
Катышуучулар шаарда транспортту колдонууда бир катар кыйынчылыктарга туш болушат жана айрым турак жайлар зарыл инфраструктуранын жоктугунан биздин бенефициарларыбызга сыртка ээн-эркин чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Бирок бул күнү катышуучулар таза абада өлкөбүздүн жаратылышына ырахаттанып, унутулгус күн өткөрүштү.
Бул саякат да демөөрчүлөрдүн: Кыргыз Республикасындагы Эл аралык «Эмират» кайрымдуулук уюмунун жана «Red Petroleum» май куюучу станциялар тармагынын аркасы менен ишке ашты!
#WomenTaxi #InclusiveTaxi #WomentaxiAyim #ZhenskoeTaxiBishkek #Inclusiveness #AccessibleInfrastructureinthecity
Кыргыз Республикасындагы "Гуд Нейборс" жыл сайн откозучу, балдардын ден соолугун текшерүү программасын ишке ашырып жаткан мезгили.
Бул программа коомчулукту өнүктүрүү долбоорунун (КөД) алкагында, Кыргызстандагы 21 айылында, 3 жаштан 17 жашка чейинки балдар акысыз медициналык кароодон өтушөт.
7,000ден ашык бала физикалык жана психикалык ден соолугун баалоодон өтөт. Саламаттыкты сактоо адистери алардын жалпы ден соолугун сактоо жана жакшыртуу үчүн текшерүүлөрдү өткөрүшөт. Мындан тышкары, оор дартка чалдыккан балдар дагы консультация алуу үчүн адистерге жөнөтүлөт.
Биз бардык жергиликтүү ыктыярчыларга жана активисттерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
#SponsorshipService #Health #CommunityHealth #ChildrensHealth
2024-жылдын июнь айында, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Жер-Үй айылындагы А.Көлбаев атындагы мектептин окуучулары “Глобалдык жаштар тармагы” аттуу сонун программаны аякташты!
Дүйнө жүзү боюнча Гуд Нейборс бөлүмдөрү менен биргеликте ишке ашырылган программа студенттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы чечимдерди билүүгө, БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарын изилдөөгө жана ал тургай Түштүк Кореядагы мектеп окуучулары менен иш жүзүндө байланышууга жардам берди! Балдар өз өлкөлөрүнүн маданияты, кооз жерлери менен бөлүшүштү.
Бул программа жаштарды өзгөртө ала турган глобалдык жарандар болууга мүмкүнчүлүк берет.
#GlobalYouthNetwork #GlobalEducation #ClimateAction #SDGs #GoodNeighborsPartner