Global Youth Network: Көк-Чү КӨДүндө GYN программасынын алгачкы сессиялары өттү

Көк-Чү Коомчулукту өнүктүрүү долбоорунда А. Токомбаев атындагы мектеп-комплексинде «Global Youth Network» («Глобалдык жаштар тармагы») программасынын алкагында даярдык боюнча бетме-бет сессия өткөрүлдү. Окуучулар алдыдагы алмашуу иш-чараларына даярдыктан өтүп, программанын алгачкы сабактарына активдүү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары өздөрүн тааныштырып, мектептери жана кызыгуулары тууралуу айтып беришип, баарлашууга жана тажрыйба алмашууга активдүү катышышты.

«Global Youth Network» — бул Good Neighbors International уюмунун ар кайсы өлкөлөрдүн балдарын жана жаштарын бириктирген эл аралык программасы. Программа глобалдык жарандыкты, лидерлик сапаттарды жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор балдар менен жаштардын дүйнөдөгү актуалдуу көйгөйлөр, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле кызматташуу, баарлашуу жана коомдук турмушка активдүү катышуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Алдыда катышуучуларды глобалдык көйгөйлөрдү жана Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) түшүнүүгө, лидерлик сапаттарын, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган бир катар окутуу сабактары жана практикалык иш-чаралар күтөт.

Программага катышуу аркылуу окуучулар глобалдык көйгөйлөр боюнча билимдерин кеңейтип, коммуникация, командада иштөө жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүп, өз коомчулугундагы маселелерди чечүүгө активдүү катышкан жарандарга айланат деп күтүлүүдө.

Башка жаңылыктар:
Good Neighbors International уюму өзүнүн 35 жылдыгын белгилөөдө

Good Neighbors International уюму 35 жылдан бери жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ишинин негизинде жакырчылыктан, кырсыктардын кесепеттеринен жана социалдык алсыздыктан жапа чеккен адамдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо турат.

Бул жылдар аралыгында Good Neighbors дүйнө жүзү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, балдарды, үй-бүлөлөрдү жана коомчулуктарды колдоп, туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп келет.

Биз бардык өнөктөштөргө, донорлорго жана коомчулуктарга ишеним, колдоо жана биргелешкен иш үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.

Биз биргеликте ар бир адам татыктуу жашап, жакшы келечекке үмүтү бар дүйнөнү түзүүнү улантабыз.

Толугу менен окуңуз
Ысык-Көл облусунун мугалими КМШдагы эл аралык сынакта эң мыкты деп табылды

Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаныбаева «КМШнын мыкты педагогу» эл аралык сынагында I даражадагы дипломго ээ болду.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын биринчи этабы 7-февралда башталып, анын жыйынтыгында ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Сынактын финалы 24-мартта Астана шаарында өтүп, анда Аида Жаныбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШнын мыкты педагогу» статуэткасы менен сыйланды. 

Белгилей кетсек, Аида Жаныбаева жетектеген №7 мектепке чейинки билим берүү уюму буга чейин Кыргызстандагы Good Neighbors уюму тарабынан колдоого алынган. Биздин ишмердүүлүктүн алкагында оңдоо иштери жүргүзүлүп, бала бакча керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыздалган. Инфраструктураны жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү педагогдордун кесиптик өсүшүнө жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Аида Жаныбаеваны бул жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, кесиптик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, шыктануу жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Эмгегиңиз жана ишиңизге болгон берилгендигиңиз мындан ары да чоң жыйынтыктарды алып келип, башкаларга үлгү болсун!

Толугу менен окуңуз
Аутизм тууралуу маалыматты жайылтуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара Бишкекте өткөрүлдү

2-апрелде  «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда аутизм тууралуу маалыматты жайылтуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. 

Бул күнү аутизм тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, ошондой эле АСБ бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.

Ата-энелер форумга катышып жаткан учурда, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери жана ыктыярчылары балдардын бош убактысын уюштурууга жардам беришти: алар менен оюндарды ойношуп, көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүп, иш-чаранын жүрүшүндө коштоп жүрүштү.

Good Neighbors бул иш-чаранын өнөктөштөрүнүн бири болуп, ар бир бала үчүн инклюзивдүү жана камкор чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелерди колдоду.

Толугу менен окуңуз