Балдын мол түшүмүнө карай: Бел-Алдыдагы аарычылар үчүн практикалык окуу-тренинг

Окуу жергиликтүү аарычылардын кесиптик билимдерин жогорулатуу жана аарычылык чарбасын ийгиликтүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду. Тренингди TES CENTRE уюмунун аарычылык тармагындагы тажрыйбалуу эксперти Музаффер Юсупов өткөрдү. Ал өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн 40 жылдан ашуун убактысын ушул тармакка арнаган.

Үч күндүн ичинде катышуучулар буга чейин алган билимдерин жаңылап, аары үй-бүлөлөрүн багуунун заманбап ыкмалары, аарылардын ооруларынын алдын алуу жолдору менен таанышып, ошондой эле бал челек чарбаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун ыкмаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл уюктарды багуунун практикалык аспектилерине жана аарычылык чарбасын натыйжалуу башкарууга бурулду.

Окуунун акыркы күнү жергиликтүү бал челекте өтүп, анда катышуучулар эксперттин жетекчилиги алдында алган билимдерин практика жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай окутуу форматы аарычыларга теориялык материалдарды бекемдөөгө гана эмес, ошондой эле иш процессинде пайда болгон актуалдуу суроолоруна жооп алууга шарт түздү.

Алынган билимдер жана көндүмдөр катышуучуларга өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, мүмкүн болуучу жоготуулардын алдын алууга жана чарбаларынын кирешесин көбөйтүүгө жардам берет деп ишенебиз. Good Neighbors Kyrgyz Republic туруктуу киреше булактарын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жамааттардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантууда.

 

Башка жаңылыктар:
Мамлекеттик эки мектепте компьютердик класстар менен жабдылды.

Гуд Нейборстун Кыргыз Республикасындагы филиалы эки мамлекеттик мектепти, Сокулук районундагы Камышановка айылында жана Ош шаарынын Жапалак районундагы №34 мектепте компьютердик класстарды жабдууну аяктады. 

Информатика кабинеттери окуу үчүн бардык керектүү жабдуулар жана материалдар менен жабдылган. Информатика мугалимдери үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле видео жазуу үчүн атайын аянт түзүлүп, окуу материалдарын басып чыгаруу үчүн атайын техникалар бөлүнгөн. Мындан тышкары, кызматташуу жана биргелешкен окуу материалдарын түзүү үчүн мугалимдердин топтору түзүлгөн. Бул мектептердин окуучулары компьютердин алдыңкы колдонуучулары болушат деп ишенебиз. 

Толугу менен окуңуз