Балдын мол түшүмүнө карай: Бел-Алдыдагы аарычылар үчүн практикалык окуу-тренинг
Окуу жергиликтүү аарычылардын кесиптик билимдерин жогорулатуу жана аарычылык чарбасын ийгиликтүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулду. Тренингди TES CENTRE уюмунун аарычылык тармагындагы тажрыйбалуу эксперти Музаффер Юсупов өткөрдү. Ал өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн 40 жылдан ашуун убактысын ушул тармакка арнаган.
Үч күндүн ичинде катышуучулар буга чейин алган билимдерин жаңылап, аары үй-бүлөлөрүн багуунун заманбап ыкмалары, аарылардын ооруларынын алдын алуу жолдору менен таанышып, ошондой эле бал челек чарбаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун ыкмаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл уюктарды багуунун практикалык аспектилерине жана аарычылык чарбасын натыйжалуу башкарууга бурулду.
Окуунун акыркы күнү жергиликтүү бал челекте өтүп, анда катышуучулар эксперттин жетекчилиги алдында алган билимдерин практика жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай окутуу форматы аарычыларга теориялык материалдарды бекемдөөгө гана эмес, ошондой эле иш процессинде пайда болгон актуалдуу суроолоруна жооп алууга шарт түздү.
Алынган билимдер жана көндүмдөр катышуучуларга өз ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, мүмкүн болуучу жоготуулардын алдын алууга жана чарбаларынын кирешесин көбөйтүүгө жардам берет деп ишенебиз. Good Neighbors Kyrgyz Republic туруктуу киреше булактарын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жамааттардын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону улантууда.
Биз долбоорлор, балдарга болгон жардам жана гуманитардык миссиялар жөнүндө көп айтып беребиз. Бирок мунун баарын ишке ашырып жаткан инсандардын жүзүн сейрек көрсөтөбүз. Ал эми ар бир отчёттук цифранын жана ар бир кайрымдуулук кутучасынын артында тирүү адамдар турат.
Бүгүн биз муну өзгөртүүнү чечтик. Кесиптештерибизге: «Жумушка кечикпесең — момпосуй аласың» деген челлендж уюштурдук. Кимдир бирөө өз убагында келип, таттуу сыйлыгын алды, ал эми кимдир бирөө таттуусуз калды — бирок биздин видеого тартылып калды 🍬
Биз муну эмне үчүн жасадык? Анткени сиздердин бизди жакындан таанышыңыздарды каалайбыз: отчёттор менен жаңылыктардан гана эмес, жөнөкөй, чыныгы жашообуз аркылуу дагы. Биз сиздер менен тез-тез баарлашып, суроолоруңуздарга жооп берип, пикириңиздерди угуп жана жөн гана жакыныраак болууну каалайбыз 🤗
Эмесе, таанышып алалы! 💚
Инстаграм видеосу
Коргон айылындагы ФАП үчүн курулуш материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана оңдоп-курулуш жумуштарын аткарууга тендер
Долбоор жөнүндө: Коргон айылындагы (Токтогул району, Жалал-Абад облусу) Фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иштөө шартын жакшыртуу. Материалдарды (пол каптамалары, эшиктер, терезелер, чатыр ж.б.) жеткирүү жана оңдоп-түзөө, монтаждоо жумуштарынын толук комплексин, анын ичинде аймакты көрктөндүрүүнү аткаруу талап кылынат.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 14-августу, саат 17:30га чейин.
Толук маалыматты TENDERS.KG сайтынан 2026-жылдын 31-июлундагы №31131 «Коргон айылындагы Фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иштөө шартын жакшыртуу боюнча курулуш материалдарын сатып алууга, жеткирүүгө жана курулуш-монтаждоо жумуштарын аткарууга коммерциялык сунуштарды суроо» номери астында таба аласыздар.
Тактай бир жыл мурун Asia Mall соода борборунда, Beauty Club аймагында өзгөчө бир жер пайда болду — Good Neighbors Kyrgyz Republic кайрымдуулук бурчу. Бул жер — ар бир адам адаттагы соода шарынын арасынан бир дем алып, фортепианодо ойноуп, колдоого муктаж балдарга жылуулук бере алган мейкиндик. 🎹💚
Жакында биздин жаш музыкант AliHamza Esen (@alihamza_esen_) биз менен ушул сонун видеону бөлүштү. Музыка кандай гана жакшылыктын тилине айланып, адамдарды бир маанилүү максаттын тегерегине бириктирип жатканы кандай сонун! ❤️
Кайрымдуулук идишине чогулган бардык каражаттар Good Neighbors уюмунун балдарга жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырууга багытталат.
Биздин фортепианонун жанына токтоп, ойноп, садака кылган же жөн гана бул жакшы демилгени колдогон ар бир адамга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Так силердин аркаңарда музыка чыныгы жардамга айланат, жана биз чогуу үмүт берип, жакшы өзгөрүүлөрдү жаратабыз.
Инстаграм видеосу