Чоң турмушка карай алгачкы кадам: Болот Мамбетов ПРБнын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн тренинг өткөрүлдү
29-июнда Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы Болот Мамбетов Коомчулукту өнүктүрүү долбооруна (КӨД) караштуу мектептердин 80 бүтүрүүчүсү үчүн бир күндүк тренинг өткөрдү.
Тренинг жаштарды чоң турмушка өтүү мезгилинде колдоого, алардын мындан аркы билим алуу жана кесиптик жолун тандоосуна көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле өз күчүнө болгон ишенимин арттырууга багытталды.
Программа Good Neighbors уюмунун ишмердүүлүгү жана уюм менен мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тааныштыруу сессиясы менен башталды. Андан соң катышуучулар жеке жана финансылык жоопкерчилик, коопсуздук, документтерди тариздөө, аң-сезимдүү чечим кабыл алуу жана мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргонуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл мектепти аяктагандан кийинки келечекти тандоо темасына бурулду. Бүтүрүүчүлөр билим алууну улантуу, кесиптик өнүгүү, жумушка орношуу, максат коюу жана кесипти аң-сезимдүү тандоо тууралуу пикир алышты. Ошондой эле жаштардын жарандык активдүүлүгү жана ыктыярчылык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, коомдук турмушка катышуу лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жана пайдалуу тажрыйба топтоого кандайча жардам берерин талкуулашты.
Практикалык бөлүктө катышуучулар баарлашуу, өзүн тааныштыруу жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүштү. Ошондой эле Good Neighbors Бүтүрүүчүлөр клубун түзүү демилгеси сунушталып, анын бүтүрүүчүлөрдүн өз ара байланышып, тажрыйба алмашуусуна жана коомдук демилгелерге катышуусуна өбөлгө түзөрү айтылды.
Күн бою бүтүрүүчүлөр интерактивдүү тапшырмаларга, командалык оюндарга жана тематикалык квизге активдүү катышышты. Иш-чара эстелик белектерди тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.
Бардык бүтүрүүчүлөргө алдыга ишенимдүү кадам таштап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн коркпой, келечегиңерди тайманбай курууну каалайбыз!
2025-жыл Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунда балдардын укугун коргоо жылы деп жарыяланган.
Ушул тематикалык жылдын алкагында, 31-май, 2025-жыл, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун балдары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.
"Манас" кинотеатрында анимациялык фильмдин атайын кинотасмасы көрсөтүлүп, андан соң балдарга белектер тапшырылды. Иш-чарага 500гө жакын бала катышты.
Катышуучуларга саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович кайрылышты. Алар балдарды майрамы менен куттуктап, балдардын укуктарын коргоонун жана өсүп келе жаткан муунду ар тараптан колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Баткен облусунун губернаторунун администрациясы менен келишим түздү. Бул аймактагы негизги демилгелерди ишке ашыруу үчүн биздин өнөктөштүктү бекемдөөдөгү маанилүү кадам.
Учурдагы жана келечектеги демилгелерди талкууладык:
• Айылдарды Комплекстүү Өнүктүрүү Долбоору (IRDP)
• Билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштарды өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү иштерди кеңейтүү
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуу
Биз Баткен областынын администрациясына региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешип иштөөгө болгон ишеними жана даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз! 🌍✨
#Өнүгүү #билимберүү #жаштар #өнөктөштүк
🎉Эки айылдык мектепте: Төмөнкү-Чүй айылында (Көк-Чу CDP) (200гө жакын окуучу) жана Эшперов айылында (Болот Мамбетов CDP) (350гө жакын окуучу) заманбап санитардык комплекстердин ачылышы болду.
Жаңы курулган санитардык жайлар бардык окуучулардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын (МЧБ) муктаждыктарын эске алуу менен, ошондой эле кыздар үчүн гигиеналык жана купуя шарттарды камсыз кылуу максатында долбоорлонгон. Ар бир комплекс пандус, жылуу суу менен жабдылган кол жуучу жайлар, жылытуу системасы жана купуя кабиналар менен камсыздалган.
Курулуш иштери бардык санитардык жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлдү. Таштандыларды коопсуз жана экологиялык жактан таза түрдө утилдештирүү үчүн заманбап септиктер орнотулган.
Бул иш-чара ар бир бала өзүн коопсуз, ыңгайлуу жана сыйлуу сезе турган инклюзивдүү жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө болгон чоң кадам болуп саналат.