Ресурстарды өнүктүрүү боюнча адистин бир күнү
Бүгүн биз сиздер менен ресурстарды өнүктүрүү боюнча адисибиз Самат Ажикеевдин бир күнүн бөлүшүүнү чечтик. Ал PR & Fundraising командасы менен бирге KICB банкынын филиалдарына барып, Good Neighbors кайрымдуулук кутулары аркылуу чогултулган кайрымдуулук каражаттарын кезектеги инкассациялоону жүргүздү. Сиздерди ушул маанилүү процесстин артындагы көшөгө артына көз салууга чакырабыз — төмөндөгү шилтеме аркылуу адамдардын боорукердиги аркасында ар бир кайрымдуулук кантип муктаж балдарга жана үй-бүлөлөргө жардамга айланарын көрө аласыз.
Кайрымдуулук кылып, биздин миссияны колдогон ар бириңизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин жакшы жүрөгүңүз жана жардам берүүгө болгон каалооңуз балдардын жашоосун жакшыртууга чоң салым кошууда. Өзгөчө ыраазычылыгыбызды KICB банкына @kicb_bank_ көп жылдык кызматташтыгы, ишеними жана Good Neighbors кайрымдуулук долбоорун колдогону үчүн билдиребиз. Биргелешип, жардамга муктаж болгондор үчүн көбүрөөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз!
Инстаграм видео
2024-жылдын сентябрынан баштап Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс STEAM билим берүүнү мектептерге киргизүү боюнча демилгелүү долбоорун ишке киргизди. Долбоор 4 коомдук өнүгүү аймагындагы 16 мектепти камтыйт.
Долбоордун максаты — билим берүү сапатын жакшыртуу, окуучуларды заманбап чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө даярдоо жана так илимдерге жана технологияларга кызыгуусун арттыруу. STEAM жөн гана билим берүү эмес — бул келечектеги лидерлерди жана новаторлорду тарбиялоочу мамиле!
Биз мындай демилгелер кыргыз мектеп окуучуларына инновацияларга жана эл аралык билим берүү стандарттарына карай кадам жасоого жардам берет деп ишенебиз.
#Education #STEAM
2024-жылдын октябрында, Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүндө климаттын өзгөрүшүнө адаптация болуу жана туруктуу айыл чарба алып баруу боюнча тренинг өткөрдү. Тренингге суу комитетинин жана Кайыңды-Охна суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрү, аялдар жана жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле Айылдык Кеңештин өкүлдөрү катышты.
Тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу боюнча иш планы талкууланып, көйгөйдү чечүү жолдору сунушталды. Бул долбоор “Баткен облусунда багбанчылык жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда
#Training #ClimateChange #SustainableAgriculture
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс 9 октябрь, 2024 жылы Шин Дон Мин атындагы стипендиялык программасынын жыйынтыгын чыгарды, Талас облусунун администрациясы менен биргеликте 4 райондон 36 окуучу тандалып стипендия жана окуу куралдар ыйгарылган. Бул программа 2018 жылдан бери уланып келген иш чара, ар бир баланын чоң потенциалы бар экенине ишенебиз.
#Education #Scholarship #ShinDongMinScholarship