КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕР!
Коммерциялык сунуштарды суроо: Мугалимдер жана социалдык педагогдор үчүн мектептеги зомбулуктун алдын алуу, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү жана мугалимдер үчүн «Зомбулуксуз мектеп» колдонмосун колдонуу маселелери боюнча тренинг өткөрүү
Долбоор жөнүндө:
30 мугалим, мектеп психологу жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн 4 күндүк интерактивдүү тренинг (2026-жылдын 17–20-августу, Бишкек ш.) өткөрүү. Максаты — зомбулуктун алдын алуу, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү жана КР Илим жана билим берүү министрлигинин «Зомбулуксуз мектеп» колдонмосун колдонуу боюнча квалификацияны жогорулатуу. Программаны иштеп чыгуу, окутууну өткөрүү жана жыйынтыктоочу отчетторду, сертификаттарды берүү талап кылынат.
⏰ Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 13-августу, саат 18:00гө чейин.
ℹ️ Толук маалыматты tenders.kg сайтынан 2026-жылдын 7-августундагы №31268 номери астында таба аласыздар.
Tenders.kg сайтына шилтеме.
Гуд Нейборс уюму коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында 15 мектептин 11 класс окуучулар үчүн масштабдуу долбоорун - «Мектеп окуучулары үчүн жалпы республикалык тестирлөө курстарын» баштады. ЖРТ* Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кирүү экзамендерин алмаштыруучу милдеттүү тест. Курс 3 айга созулат жана студенттин тандоосу боюнча негизги тестке (кыргыз/орус тили, математика) жана предметтик тестке (тарых, математика, биология, химия ж.б.) даярданууну камтыйт.
ЖРТ курсу өлкөнүн 4 облусунан келген 320 студентти камтыйт. Долбоордун максаты: Мектеп окуучуларынын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жогорку окуу жайларга тапшырууга көмөк көрсөтүү. Долбоор биздин студенттерге ЖОЖдорго, анын ичинде бюджеттик окуу жайларга тапшырууга жардам берет.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму 2023-жылдын февраль айында Көк-Чу (Коомчулукту өнүктүрүү долбоору) алкагында Мирное айылындагы Ден соолук борборун жакшыртуу ишин аяктады. Жылытуу системасы орнотулуп, суу түтүгү жакшыртылып, керектүү шарттар да түзүлдү. Мирное айылынын жашоочуларынын көбү кыш мезгилинде медициналык кароодон өтүп жаткан учурда жылуулук системасы жок болгондуктан медпунктта боло алышкан эмес. Эми филиалдын колдоосу менен Ден соолукту чыңдоо борбору жылдын каалаган мезгилинде ыңгайлуу иштей алат. Калктын жана өзгөчө балдар үчүн маанилүү кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуунун негизги максаты менен инфраструктураны өнүктүрүүнү камсыз кылуу коомчулукту долбоорлорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборстун ар дайым маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюму 2018-жылдан 2022-жылга чейин KOICA тарабынан каржыланган «Менин айылым» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды.
Долбоордун жүрүшүндө Баткен, Ош жана Чүй облустарындагы 30 айыл айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана киреше алып келүүчү долбоорлорду түзүүгө активдүү катышты.
Долбоордон кийинки башкаруу программасынын алкагында «АгроЛид» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү болгон агрономдор тобу Баткен районунун фермерлери үчүн күнөсканаларда жашылчаларды өстүрүү, күрүч өстүрүү жана кургатуу ыкмалары, анын ичинде практикалык тренинг өткөрүштү.
Негизги максат – долбоордун алкагында ("Менин айылым" долбоору) бүткөрүлгөн объектилердин кирешелүү иштеши үчүн айылдык фермерлердин жана ишкерлердин потенциалын, алардын айыл чарба жана бизнес тармагындагы билим жана көндүмдөрүн жогорулатуу.