КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Коммерциялык сунуштарды суроо: Коргон айылындагы Фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча курулуш материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу
Долбоор жөнүндө:
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Коргон айылындагы ФАПтын инфраструктурасын оңдоо жана жаңыртуу. Долбоор курулуш материалдарын сатып алууну жана жеткирүүнү, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууну (полду, эшиктерди, терезелерди алмаштыруу, жалюзи орнотуу, фасадды, чатырды, жылытуу системасын оңдоо, металл тосмо менен дарбаза куруу жана аймакты көрктөндүрүү), ошондой эле таштандыларды тазалап, объектти тапшырууну камтыйт.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 15-сентябры, саат 17:30 (18:00)
Толугураак маалыматты tenders.kg сайтынан 08.09.2026-жылдагы №31683 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Коргон айылындагы Фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча курулуш материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга КП суроо» жарыясынан караңыз.
2. Конкурс: Мектеп столовойунун шарттарын жакшыртуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жана жеткирүү
Долбоор жөнүндө:
Чүй облусунун Сокулук районундагы Нижне-Чуйское айылындагы Абсамат Масалиев атындагы орто мектебинин столовойун оңдоо үчүн курулуш материалдары менен камсыздоо (мектепте 813 окуучу жана 46 кызматкер бар). Милдеттерге полду, вентиляция системасын, дубалдарды оңдоо жана сырдоо, суу агуучу системаны жана жарыктандырууну жакшыртуу үчүн сапаттуу материалдарды сатып алуу, жеткирүү жана түшүрүү кирет.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 18-сентябры, саат 17:30
Толугураак маалыматты tenders.kg сайтынан 08.09.2026-жылдагы №31666 «Конкурс: Мектеп столовойунун шарттарын жакшыртуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жана жеткирүү» жарыясынан караңыз.
3. Тендер: Суу өткөрүүчү курулма үчүн түтүктөрдү жана бетон шакектерди жеткирүү
Долбоор жөнүндө:
«Эшперов айылындагы сел коркунучун азайтуу» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын «Теш» тилкесиндеги суу өткөрүүчү узел үчүн сапаттуу курулуш материалдарын (түтүктөрдү жана бетон шакектерди) сатып алуу жана жеткирүү. Максаты — сугат жана сел сууларын коопсуз бургулоо жана жергиликтүү инфраструктураны коргоо. Жеткирүү мөөнөтү — 2026-жылдын сентябрь айы. Сунуштар чапталган конвертте гана кабыл алынат.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 21-сентябры, саат 17:00 (17:30)
Толугураак маалыматты tenders.kg сайтынан 08.09.2026-жылдагы №31660 «Тендер: Суу өткөрүүчү курулма үчүн түтүктөрдү жана бетон шакектерди жеткирүү» жарыясынан караңыз.
2025-жыл Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунда балдардын укугун коргоо жылы деп жарыяланган.
Ушул тематикалык жылдын алкагында, 31-май, 2025-жыл, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун балдары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.
"Манас" кинотеатрында анимациялык фильмдин атайын кинотасмасы көрсөтүлүп, андан соң балдарга белектер тапшырылды. Иш-чарага 500гө жакын бала катышты.
Катышуучуларга саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович кайрылышты. Алар балдарды майрамы менен куттуктап, балдардын укуктарын коргоонун жана өсүп келе жаткан муунду ар тараптан колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Баткен облусунун губернаторунун администрациясы менен келишим түздү. Бул аймактагы негизги демилгелерди ишке ашыруу үчүн биздин өнөктөштүктү бекемдөөдөгү маанилүү кадам.
Учурдагы жана келечектеги демилгелерди талкууладык:
• Айылдарды Комплекстүү Өнүктүрүү Долбоору (IRDP)
• Билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштарды өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү иштерди кеңейтүү
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар менен кызматташуу
Биз Баткен областынын администрациясына региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешип иштөөгө болгон ишеними жана даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз! 🌍✨
#Өнүгүү #билимберүү #жаштар #өнөктөштүк
🎉Эки айылдык мектепте: Төмөнкү-Чүй айылында (Көк-Чу CDP) (200гө жакын окуучу) жана Эшперов айылында (Болот Мамбетов CDP) (350гө жакын окуучу) заманбап санитардык комплекстердин ачылышы болду.
Жаңы курулган санитардык жайлар бардык окуучулардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын (МЧБ) муктаждыктарын эске алуу менен, ошондой эле кыздар үчүн гигиеналык жана купуя шарттарды камсыз кылуу максатында долбоорлонгон. Ар бир комплекс пандус, жылуу суу менен жабдылган кол жуучу жайлар, жылытуу системасы жана купуя кабиналар менен камсыздалган.
Курулуш иштери бардык санитардык жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлдү. Таштандыларды коопсуз жана экологиялык жактан таза түрдө утилдештирүү үчүн заманбап септиктер орнотулган.
Бул иш-чара ар бир бала өзүн коопсуз, ыңгайлуу жана сыйлуу сезе турган инклюзивдүү жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө болгон чоң кадам болуп саналат.