Офтальмологиялык текшерүү: этникалык корейлерди колдоо долбоорунун алкагында
Жаш өткөн сайын үзгүлтүксүз диагностикадан өтүү өмүрлүк зарылчылыкка айланат, бирок жогорку чыгымдардан улам улгайган адамдар жана пенсионерлер үчүн заманбап клиникаларда толук текшерүүдөн өтүү дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт.
Бишкекте жана Чүй облусунда балдары чет өлкөгө иштеп кетишкен улгайган этникалык корейлер аз эмес. Good Neighbors (2026) изилдөөсүнө ылайык, алардын 77,9% көз көйгөйлөрүнөн жабыркайт, ал эми 89,4% жеке офтальмологдордун кызматтарын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Өз убагында дарыланбаса, адамдар бара-бара көрүүсүнөн ажырап, жалгыздыкта калышат.
Бул каржылык барьерди жоюу үчүн Good Neighbors Kyrgyz Republic, Түштүк Кореянын Эл аралык саламаттыкты сактоо фонду (KOFIH) жана Кыргызстан корейлеринин коому менен биргеликте көз ооруларын акысыз диагностикалоо жана дарылоо долбоорун башташты. Мындай колдоонун башкы натыйжасы — коркунучтуу ооруларды өз убагында аныктоо: текшерүү учурунда катышуучулардын биринен дарыгерлер биринчи жолу катарактаны таап, зарыл болгон операцияга өз убагында багытташты.
Медосмотрдун катышуучусу менен маектен:
Ким Людмила, корей диаспорасынын өкүлү:
«Бул демөөрчүлүк жардам болбосо, мен мындай заманбап клиникага келе алмак эмесмин. Мени текшерип, катарактаны аныкташты — операция жасоону сунушташты. Пенсионерлерге диагностиканы төлөө оор, ошондуктан биз камкордук, дарыгерлердин кунт коюп мамиле жасаганы жана кезексиз сонун уюштурулганы үчүн абдан ыраазыбыз!»
Инстаграм видеосу
Good Neighbors International уюму 35 жылдан бери жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ишинин негизинде жакырчылыктан, кырсыктардын кесепеттеринен жана социалдык алсыздыктан жапа чеккен адамдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо турат.
Бул жылдар аралыгында Good Neighbors дүйнө жүзү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, балдарды, үй-бүлөлөрдү жана коомчулуктарды колдоп, туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп келет.
Биз бардык өнөктөштөргө, донорлорго жана коомчулуктарга ишеним, колдоо жана биргелешкен иш үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.
Биз биргеликте ар бир адам татыктуу жашап, жакшы келечекке үмүтү бар дүйнөнү түзүүнү улантабыз.
Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаныбаева «КМШнын мыкты педагогу» эл аралык сынагында I даражадагы дипломго ээ болду.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, сынактын биринчи этабы 7-февралда башталып, анын жыйынтыгында ал экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Сынактын финалы 24-мартта Астана шаарында өтүп, анда Аида Жаныбаева I даражадагы диплом, төш белги жана «КМШнын мыкты педагогу» статуэткасы менен сыйланды.
Белгилей кетсек, Аида Жаныбаева жетектеген №7 мектепке чейинки билим берүү уюму буга чейин Кыргызстандагы Good Neighbors уюму тарабынан колдоого алынган. Биздин ишмердүүлүктүн алкагында оңдоо иштери жүргүзүлүп, бала бакча керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыздалган. Инфраструктураны жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү педагогдордун кесиптик өсүшүнө жана мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аида Жаныбаеваны бул жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сизге бекем ден соолук, кесиптик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, шыктануу жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Эмгегиңиз жана ишиңизге болгон берилгендигиңиз мындан ары да чоң жыйынтыктарды алып келип, башкаларга үлгү болсун!
2-апрелде «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда аутизм тууралуу маалыматты жайылтуунун Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Бул күнү аутизм тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, ошондой эле АСБ бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.
Ата-энелер форумга катышып жаткан учурда, Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери жана ыктыярчылары балдардын бош убактысын уюштурууга жардам беришти: алар менен оюндарды ойношуп, көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүп, иш-чаранын жүрүшүндө коштоп жүрүштү.
Good Neighbors бул иш-чаранын өнөктөштөрүнүн бири болуп, ар бир бала үчүн инклюзивдүү жана камкор чөйрөнү түзүүгө багытталган демилгелерди колдоду.