Жаш таланттар жана жаңы идеялар: STEMKYZ CUP 2026 кандай өттү?
27-сентябрда кыздар үчүн STEM-долбоорлору боюнча эл аралык STEMKYZ CUP 2026 чемпионаты болуп өттү — бул жаш ойлоп табуучуларды, насаатчыларды жана эксперттерди бириктирген жаркын окуя болду.
Биз, Good Neighbors Kyrgyz Republic, бул масштабдуу иш-чаранын өнөктөшү болууга жана өсүп келе жаткан жаш таланттарды колдоого кубанычта болдук. Чемпионаттын жүрүшүндө биз катышуучу кыздардын бири менен маектештик — Кыргызстандын жаштары кандай демилгелер жана илхам менен бөлүшөрүн видеодон угуңуздар!
Биз үчүн балдарды колдоо жана алардын өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүү — негизги артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Инсандын, үй-бүлөнүн жана коомчулуктун өзүн-өзү ишке ашыруусун жана тынымсыз өнүгүүсүн колдоо боюнча маанилүү принцибибизди жетекчиликке алып, биз ушундай демилгелердин бир бөлүгү болууга жана ар бир баланын потенциалын ачууга көмөктөшүүгө сыймыктанабыз.
Ушундай күчтүү аянтчаны түзгөндүгү үчүн STEMKYZ уюштуруучуларына жана эмгеги, тайманбастыгы, ошондой эле дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө болгон умтулуусу үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз! 🚀✨
Инстаграм видеосу
Бүгүн биз сиздер менен ресурстарды өнүктүрүү боюнча адисибиз Самат Ажикеевдин бир күнүн бөлүшүүнү чечтик. Ал PR & Fundraising командасы менен бирге KICB банкынын филиалдарына барып, Good Neighbors кайрымдуулук кутулары аркылуу чогултулган кайрымдуулук каражаттарын кезектеги инкассациялоону жүргүздү. Сиздерди ушул маанилүү процесстин артындагы көшөгө артына көз салууга чакырабыз — төмөндөгү шилтеме аркылуу адамдардын боорукердиги аркасында ар бир кайрымдуулук кантип муктаж балдарга жана үй-бүлөлөргө жардамга айланарын көрө аласыз.
Кайрымдуулук кылып, биздин миссияны колдогон ар бириңизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин жакшы жүрөгүңүз жана жардам берүүгө болгон каалооңуз балдардын жашоосун жакшыртууга чоң салым кошууда. Өзгөчө ыраазычылыгыбызды KICB банкына @kicb_bank_ көп жылдык кызматташтыгы, ишеними жана Good Neighbors кайрымдуулук долбоорун колдогону үчүн билдиребиз. Биргелешип, жардамга муктаж болгондор үчүн көбүрөөөк мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз!
Инстаграм видео
Good Neighbors Kyrgyz Republic кубанычтуу жаңылык менен бөлүшөт.
Биздин программанын катышуучуларынын бири Салих Нозимов дарылоо курсун ийгиликтүү аяктап, онкологиялык ооруну жеңе алды. Бул анын сакайып, дени сак жашоого карай жолундагы маанилүү этап болуп калды.
Алдыдагы 2–3 жыл аралыгында Салих дарыгерлердин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болот. Ал пландуу медициналык кароодон өтүп, керектүү анализдерди тапшырып, адистердин сунуштарын, анын ичинде атайын тамактануу тартибин сактайт. Бул чаралар анын ден соолугун көзөмөлдөөгө жана толук калыбына келишине жардам берет.
Улуттук энелерди жана балдарды коргоо борборунун дарыгер-онкогематологу Камбарова Жанна Алмазовнага жогорку кесипкөйлүгү, камкордугу, жан аябас эмгеги жана Салихтин дарылануусуна кошкон баа жеткис салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин аракети менен балдар сергек келечекке мүмкүнчүлүк алышат.
Салихти жана анын үй-бүлөсүн бул маанилүү окуя менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ага бекем ден соолук, бактылуу балалык, кубанычтуу көз ирмемдерди, эң асыл кыялдарынын орундалышын жана жарык келечек каалайбыз.
Good Neighbors Kyrgyz Republic бош кызмат орундарын жарыялайт!
Төмөнкү бош кызмат орундар ачык:
- Коммуникациялар боюнча адис (Административдик бөлүм)
- Айдоочу-механик (Административдик бөлүм)
Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 26-июлу
Резюмелерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүңүз: gnkgz@goodneighbors.kg
Талапкерлер үчүн толук маалымат жана талаптар employment.kg сайтында жеткиликтүү.
Биздин командага кошулуп, Кыргызстандын коомчулуктарын өнүктүрүүгө өз салымыңызды кошуңуз!