20 бала бакча үчүн таза ичүүчү суу: долбоордун жыйынтыгын чыгарабыз!
Балдардын ден соолугу жана бакубаттуулугу — биздин башкы артыкчылыгыбыз. «Clean Drinking Water in Kindergartens» долбоорунун алкагында Good Neighbors Kyrgyz Republic командасы 20 бала бакчага заманбап суу чыпкалоо (фильтрация) тутумдарын орнотууну ийгиликтүү аяктады.
Жабдуулардын үзгүлтүксүз жана узак мөөнөттүү иштешин камсыз кылуу үчүн ар бир бала бакчага кошумча 2 комплекттен алмаштыруучу фильтрлер өткөрүлүп берилди.
Бала бакчалардын жетекчилери жана кызматкерлери аткарылган иштер үчүн терең ыраазычылык билдиришип, балдарды күн сайын коопсуз жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Бул демилгени ишке ашыруу бала бакчалардагы шарттарды жакшыртууга жана өсүп келе жаткан муун үчүн дени сак келечекти түзүүгө көмөктөшкөнүнө кубанычтабыз!
"Кыздардын укуктарын колдоо клубу" долбоорунун алкагында Сокулук районунун үч мектебинде спорт залдарында кыздар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар жабдылды:
- Төмөнкү Чүй орто мектеби №1
- Төмөнкү Чүй орто мектеби №2
- Камышановка орто мектеби
Мындан тышкары, иштер дагы жети мектепте уланууда.
**Бул эмне үчүн маанилүү? **
- Кыздарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзөт
- Уялуусун жана коркуусун жеңүүгө жардам берет
- Спортко катышууга шыктандырат
Максатыбыз – кыздардын өз таланттарын өнүктүрүүсүнө шарт түзүү!
#Advocacy #GirlsEmpowermentClub
Табиятты биз менен коргоңуз!
Камышановка мектебинин 8-класстын окуучулары Global Youth Network долбоорунун алкагында таштандыларды сорттоо жана экологиялык билим берүү боюнча акция уюштурушту.
Аткарылган иш-чаралар:
- Таштандыларды сорттоонун маанилүүлүгү жөнүндө жаркын баннерлерди жасашты.
- Классташтары үчүн экологиялык лекциялар өткөрүштү.
- **Good Neighbors** уюму менен биргеликте мектепке жашыл бурч уюштурушту.
- Мектепке жана жергиликтүү бийлик кеңсесине таштанды сорттоочу контейнерлерди орнотушту.
Табиятты коргоого салым кошкон жаш эко-активисттерибизге чоң ыраазычылык!
#GlobalYouthNetwork #ProtectNature
«Сары-Сөгөт» коопера-тиви есууде!
«Good Neighbors» программасынын, киреше алып келүүчү долбоорлордун аркасында «Сары-Сөгөт» кооперативи туруктуу өнүгүп, бал өндүрүүнү жана катышуучулардын санын көбөйтүүдө. 2024-жылы кооператив Гуд Нейборстун колдоосу менен «Бал» долбооруна катышкан. 2024-жылдын декабрына чейин катышуучулар долбоорду ийгиликтүү ишке ашырышты.
Эми кооперативдин максаты бал өндүрүү жана бизнесинин туруктуу келечегин түзүү.
- Балчы Самат Мүсүралиевдин ийгилик тарыхы -
Балчылыкта 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар «Сары-Сөгөт» кооперативинин мүчөсү Самат Мусуралиев көзгө басар натыйжаларга жетишти! 2024-жылы биздин программанын колдоосу жана алынган насыянын аркасында 117 баррель (3429 кг) бал чогултуп, эл аралык рынокко сатты.
2025-жылы 100 жаңы бал челек сатып алуу менен аарылар үчүн шарттарды жакшыртууну пландоодо.
«Аарычылык биздин үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы болуп саналат жана акыркы үч жылда Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс уюмунун колдоосу болбосо биздин кирешебиз кыйла азаймак» -Самат Мусуралиев-
#IncomeGeneration #Cooperative #BeeKeeping #SuccessStory