КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!
1. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Теңтуш теңтушка» методологиясы, форум-театр жана куурчак театрын колдонуу боюнча тренерлер үчүн тренинг (ToT) өткөрүү
Долбоор жөнүндө:
4 пилоттук региондо (Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл областтары) лидер-балдарды (13–17 жаштагы 43 өспүрүм), социалдык педагогдорду, мектеп психологдорун жана социалдык кызматкерлерди (41 адис) даярдоо. Долбоор «Теңтуш теңтушту окутат» мамилеси жана интерактивдүү театр методикалары аркылуу баланын укуктарын илгерилетүүгө, зомбулукту, буллингди жана дискриминацияны алдын алууга, ошондой эле жардам суроо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 18:00гө чейин
Тапшыруу ыкмасы: «ТОТ по методологии «Равный равному» и применению форум-театра и кукольного театра» («Теңтуш теңтушка» методологиясы, форум-театр жана куурчак театрын колдонуу боюнча ТОТ) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 16.09.2026-жылдагы №31826 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Баланын укуктарын илгерилетүү, зомбулукту алдын алуу жана балдар арасында жардам суроо көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн «Теңтуш теңтушка» методологиясы, форум-театр жана куурчак театрын колдонуу боюнча тренерлер үчүн тренинг (ToT) өткөрүү» номери астынан караңыздар.
2. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Good Mama» долбоору боюнча маалыматтык-билим берүү материалдарын жаңыртуу жана эки күндүк окутуу иш-чараларын өткөрүү
Долбоор жөнүндө:
Медицина кызматкерлери, Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) мүчөлөрү, кош бойлуу аялдар жана алардын жолдоштору үчүн маалыматтык-билим берүү материалдарын (эстеткичтер, жумушчу дептерлер, колдонмолор) актуалдаштыруу жана дизайнын иштеп чыгуу. Ошондой эле коопсуз кош бойлуулук, тамактануу, эмчек эмизүү жана баланы багуу боюнча билимин жогорулатууга багытталган 4 пилоттук региондогу (Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл областтары) 40 медкызматкер/АДК мүчөсү жана жолдоштору менен 200 кош бойлуу аял үчүн эки күндүк интерактивдүү тренингдерди өткөрүү.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 17:00гө (18:00) чейин
Тапшыруу ыкмасы: «По проекту GOOD MAMA» (GOOD MAMA долбоору боюнча) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 16.09.2026-жылдагы №31827 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Медицина кызматкерлери, Айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) мүчөлөрү, кош бойлуу аялдар жана алардын жолдоштору үчүн маалыматтык-билим берүү материалдарын жаңыртуу жана эки күндүк окутуу иш-чараларын өткөрүү» номери астынан караңыздар.
3. Коммерциялык сунуштарды суроо: Комплекстүү медициналык кароо жана андан кийинки медициналык жардам
Долбоор жөнүндө:
Бишкек шаарындагы долбоордун 30 бенефициары үчүн комплекстүү медициналык кароону (Check-up) жана андан кийинки дарылоону/медицинско коштоону камсыз кылуу. Программа алгачкы кароону, лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдү (УЗИ, ЭКГ ж.б.), профилдик адистердин консультацияларын, ошондой эле медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда терапиялык же хирургиялык дарылоону жекече дайындоону камтыйт.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 17:30га (18:00) чейин
Тапшыруу ыкмасы: «Оказание медицинских услуг» (Медициналык кызматтарды көрсөтүү) белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук почтасына
Кеңири маалыматты tenders.kg сайтынан 18.09.2026-жылдагы №31871 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Комплекстүү медициналык кароо жана андан кийинки медициналык жардам» номери астынан караңыздар.
Эл аралык гуманитардык уюм Good Neighbors International (GNI) Кыргыз Республикасында төмөнкү бош кызмат орундарга талапкерлерди кабыл алат:
Ачык вакансиялар:
-
Income Generations Officer
-
Community Development Project (CDP) Officer — Болот Мамбетов айыл аймагы, Ысык-Көл облусу
-
Community Development Project (CDP) Lead Officer — Көк-Чу, Чүй облусу
-
Program Officer (Бишкек шаары)
Good Neighbors International уюму Кыргызстанда 2014-жылдан бери Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында коомчулукту өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырып келет.
📩 Кызыккан талапкерлер арызын (резюме, Application Form for Employment Good Neighbors Kyrgyz Republic, ошондой эле кошумча документтер — сунуш каттар, сертификаттар ж.б.) англис тилинде төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: gnkgz@goodneighbors.kg
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 8-марты
Толук маалымат https://employment.kg/ сайтында жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу стационардык социалдык мекемелерге — Сокулук балдарды реабилитациялоо борборуна жана Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине реабилитациялык жана медициналык жабдууларды өткөрүп берди. Өткөрүлгөн жабдуулардын жалпы наркы 20 000 АКШ долларын түздү.
Учурда аталган мекемелерде туруктуу жашап, реабилитациядан өтүп жаткан 295 майыптыгы бар бала бар. Алар туруктуу медициналык жана реабилитациялык колдоого муктаж. Өткөрүлүп берилген жабдуулар балдарга жана майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү реабилитациялык жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле алардын калыбына келүүсү, өнүгүүсү жана социалдык адаптациясы үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жабдууларды расмий тапшыруу аземине Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл уюмунун директору Чо Сунхёнг, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Айнура Джантаевна Орозбаева, Сокулук ССУнун директору Б.Ш. Туманова, Беловодск ССУнун директору А.А. Асанов, ошондой эле аталган мекемелердин кызматкерлери катышты.
КРдагы Гуд Нейборс Интернешнл уюмунун директору Чо Сунхёнг өз сөзүндө бул колдоо уюмдун майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүүгө, социалдык биримдикти чыңдоого жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө болгон туруктуу берилгендигин дагы бир жолу тастыктарын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен тыгыз кызматташуунун алкагында Гуд Нейборс ар бир адам сапаттуу социалдык жана медициналык кызматтарга тең жеткиликтүүлүккө ээ болгон чөйрөнү түзүүгө салым кошуп келет.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл мындан ары да социалдык инклюзияны өнүктүрүүгө, калктын аярлуу катмарларын колдоого жана Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо тутумун бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүгүн улантат.
Гуд Нейборс Кырыгызстан Шин Дон Мин программасына арыздарды кабыл алуу мөөнөтүнүн узартылганын жарыялайт.
Арыздарды кабыл алуунун жаңы мөөнөтү: 20-октябрь, 2025-жыл, 23:59 (Бишкек) электрондук куржунга жиберүү керек
Сиздерди арызды туура толтуруу жана документтерди чогултуу боюнча кененирээк түшүндүрмө алуу үчүн маалыматтык сессияга чакырабыз.
Убактысы: 15-октябрь, 17:00 - 18:00.
Сессияга шилтеме
Информационная сессия Шин Дон Мин | Присоединиться к собранию | Microsoft Teams