Сунуштарды кабыл алуу жарыясы

Good Neighbors International уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү – Сунуштарды кабыл алуу жарыясы!

Конкурстун аталышы: Кыргызстандагы мектептеги зомбулук жана балдарды коргоо боюнча улуттук изилдөө
Конкурстун номери: GNKGZ-CfP-003
Каржылоонун жогорку чеги: 1 571 400 сом
Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 29-июну, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59

Уюм жөнүндө

Good Neighbors – бул 1991-жылы негизделген эл аралык гуманитардык жана өнүгүү жаатындагы бейөкмөт уюм. Уюмдун миссиясы – адамдар тынчтыкта жашаган, ачкачылык жок дүйнөнү түзүү. Азыркы учурда Good Neighbors дүйнөнүн 40 өлкөсүндө иш жүргүзөт, негизги басым жамааттарды инклюзивдүү өнүктүрүүгө жана балдарды коргоого жасалат. 1996-жылы уюм БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде (ECOSOC) жалпы консультативдик макамга ээ болгон. 2007-жылы Good Neighbors уюму AICESIS тарабынан “Миллениум өнүгүү максаттары” сыйлыгы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасында Good Neighbors өзүнүн ишин 2014-жылы баштаган, максаты – айыл жергесиндеги жамааттарды социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors өкүлчүлүгү (мындан ары — GNKGZ) алыскы райондордогу жашоо шарттарын жакшыртууга, сапаттуу билим жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоого, ошондой эле экономикалык жыргалчылыкты камсыздоого багытталган. GNKGZ жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта бир топ ийгиликтерге жетишти. Уюм учурдагы өнөктөштүктөрдү бекемдөөгө жана жаңыларын түзүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул стратегиялык мамиле мамлекеттин өнүгүү программаларына шайкеш келүүгө жана туруктуу натыйжаларга жетишүүгө көмөктөшөт.

Бүгүнкү күндө GNKGZ төрт жамааттык өнүгүү долбоорун жана башка биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда. Алардын ичинде Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргелешип каржыланган көп жылдык айыл өнүктүрүү долбоору да бар.

A. Конкурстун кыскача сүрөттөмөсү
Каржылоонун жогорку суммасы: 1 571 400 сом
Бериле турган гранттардын саны: 1
Долбоордун болжолдуу башталышы: 2025-жылдын июль айы
Долбоордун узактыгы: 5 ай
Долбоордун географиясы: долбоор Кыргызстандагы 7 облусун, Бишкек жана Ош шаарларын камтууга тийиш.

GNKGZ адам укуктарын жана балдарды коргоону колдогон, жаштарды колдоого жана жыныстык теңдикке өбөлгө түзгөн демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди колдойт. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн, GNKGZ “Кыргызстандагы мектептеги зомбулук жана балдарды коргоо боюнча улуттук изилдөө” долбооруна сунуштарды кабыл алуу жарыясын жарыялайт жана ага катышуу үчүн квалификациялуу изилдөө институттарын же бейөкмөт уюмдарды чакырат.

Бул демилгенин максаты — мектеп чөйрөсүндө балдарды коргоо жана зомбулуктун алдын алуу механизмдерин күчөтүү үчүн далилдерге негизделген маалыматтарды жана саясаттык сунуштарды берүү.

Долбоор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (ЭСКМ) жана Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) менен тыгыз кызматташтыкта, GN KGZ тарабынан техникалык жетекчилик жана координациянын негизинде жүргүзүлөт.

Баштапкы негиздеме (Background):

Мыйзамдык кепилдиктерге карабастан, Кыргызстандагы мектептерде окуучулар ар кандай зомбулук түрлөрүнө туш болушат. Алардын катарына кемсинтүү, психологиялык зомбулук жана жергиликтүү деңгээлде дедовщина катары белгилүү болгон иерархиялык зомбулуктун тамырлашкан формасы кирет. Бул көрүнүштө улуураак класстын окуучулары кичүүлөргө үстөмдүк кылуу, мажбурлоо жана кээде физикалык зомбулук көрсөтүү аркылуу өз таасирин күчөтүшөт.
Жоопкерчиликти бөлүштүргөн органдардын аракетинин чачырандысы жана фактыларды жашыруу же кабарлабоо маселени ого бетер татаалдаштырат. Бул изилдөө далилдерге негизделген маалыматтык боштуктарды толтурууну жана мектеп чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн сектор аралык саясатты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүнү көздөйт.


Изилдөөнүн максаты:

  • Кыргызстан боюнча окуучуларга карата мектептеги зомбулуктун түрлөрүн жана таралыш деңгээлин аныктоо;

  • Мектептеги зомбулукка түрткү берген негизги тобокелдик факторлорун жана маданий мамилелерди талдоо;

  • Институционалдык жооп чараларды баалоо (мектептер, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрү – ОЗСД, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы – ИДН ж.б.);

  • Мамлекеттик органдарга, жарандык коом уюмдарына жана эл аралык уюмдарга саясатты жана программаларды өркүндөтүү боюнча так жана ишке жарамдуу сунуштарды иштеп чыгып сунуштоо.


Долбоордун негизги максаттуу топтору (кошумча топтор да камтылышы мүмкүн):

  • 10–17 жаштагы мектеп окуучулары

  • Мугалимдер

  • Ата-энелер

  • Мектеп администрациясы

  • Балдарды коргоо системасынын кызматкерлери (МТСПМдин аймактык бөлүмдөрү – ОЗСД, балдар иштери боюнча комиссиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ИДН ж.б.)


Негизги иш-аракеттер:

  • Мектептеги зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамдык базаны, мурдагы изилдөөлөрдү жана иштеп жаткан саясаттарды талдоо (desk review)

  • Кыргызстандагы бардык 7 облуста, Бишкек жана Ош шаарларында талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү (сурамжылоолор, структураланган интервьюлар жана/же фокус-группалар, кейс-стади ыкмалары колдонулат)

  • 2025-жылдын 20-ноябрында, Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата, мамлекеттик органдардын, НПОлордун жана эл аралык уюмдардын катышуусунда саясаттык сунуштарды тартуулаган конференция өткөрүү


Күтүлгөн жыйынтыктар (Deliverables):

  • Маалымат чогултуу куралдары (анкета, интервью гайд ж.б.)

  • Баштапкы отчет жана деталдуу иш-план

  • Табылгалар жана негизги багыттар боюнча сунуштар камтылган аналитикалык отчеттун долбоору

  • Конференциянын отчету жана презентациялык материалдар


Эскертүү:

Иштеп чыгуучу уюм сурамжылоонун методологиясын жана выборка ыкмаларын сунушта так жана түшүнүктүү түрдө көрсөтүүгө тийиш.

B. Кимдер катыша алат (Жарактуулук тууралуу маалымат)

Төмөнкү уюмдар катыша алышат:
Кыргыз Республикасында катталган төмөнкү уюмдар:

  • жарандык коом уюмдары,

  • бейөкмөт уюмдар (БӨУ),

  • коммерциялык эмес уюмдар,

  • эл аралык БӨУлардын өкүлчүлүктөрү,

  • илимий/изилдөөчү мекемелер.

Уюмдун балдардын укуктарын коргоо багытында иш тажрыйбасы жана жетишкен натыйжалары болушу керек.

Катыша албаган тараптар:

  • жеке адамдар,

  • мамлекеттик органдар,

  • коммерциялык уюмдар,

  • диний мекемелер,

  • саясий партиялар,

  • менчик ишканалар,

  • каттоосу так эмес же юридикалык макамы бүдөмүк уюмдар,

  • изилдөө жүргүзүү тажрыйбасы жок уюмдар.


C. Өтүнмө берүү тартиби

Өтүнмө тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 29-июну, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59

Төмөнкү документтерди тапшыруу талап кылынат:

  • Долбоор сунушу формасы (Тиркеме 1),

  • Бюджеттик план формасы (Тиркеме 2).

GNKGZ жалгыз 1 долбоорду тандап, эң көп дегенде 1 571 400 сом өлчөмүндө 5 айлык мөөнөткө каржылайт.

Долбоордун мөөнөтү төмөнкүдөй кошумча иш-аракеттерди камтууга тийиш: мониторинг, баалоо, отчеттуулук жана башка.
Улантылып жаткан (ишке ашып жаткан) долбоорлор каржыланбайт.

Бюджет бардык чыгымдарды камтышы керек (мисалы: аудит, мониторинг, баалоо ж.б. зарыл болсо).
Персонал жана административдик чыгымдар (мисалы: айлык маяна, кеңсе ижарасы) жалпы бюджеттин 20%ынан ашпашы керек.

МТСПМ жана/же Билим берүү министрлиги менен кызматташууну камтыган сунуштар артыкчылыкка ээ болот.

 

Болжолдуу график:

  • 2025-жылдын 20-июну – Сунуштарды кабыл алуу жарыясы

  • 2025-жылдын 29-июну – Өтүнмөлөрдү тапшыруунун акыркы мөөнөтү

  • 2025-жылдын июль айынын башында – Өтүнмөлөрдү баалоо

  • 2025-жылдын июль айынын башында – Натыйжаларды жарыялоо

  • 2025-жылдын июлу – Долбоордун башталышы күтүлүүдө


Төмөнкү документтерди тапшыруу талап кылынат:

  1. Долбоордук сунуш (Тиркеме 1)

  2. Бюджеттик план (Тиркеме 2)

  3. Иш-чаралардын графиги (Тиркеме 3)

  4. Уюмдун мамлекеттик каттоосунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү

  5. Уставдын көчүрмөсү

  6. Акыркы 3 жылга карата финансы аудитинин корутундусунун көчүрмөсү же уюмдун акыркы 3 жылдагы каржылык отчеттору


Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 29-июну, саат 23:59, Бишкек убактысы боюнча.
Документтерди төмөнкү дарекке электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек:
📧 kyrgyzrepublic@goodneighbors.org
Кайрылууңуздун темасы: “Proposal for School-Based Violence Research”


Милдеттүү тиркемелердин (1–3) шаблондору шилтеме аркылуу жеткиликтүү болот.
Документтер англис тилинде, PDF форматында жөнөтүлүшү керек
(финансылык отчеттор же аудит корутундулары орусча болушу мүмкүн).

GN KGZ сунуштар конкурстун максаттарына туура келбеген учурда каржылоодон баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

Суроолор боюнча байланыш үчүн:
📨 Темирлан Абдылдаев – t.abdyldaev@goodneighbors.kg

Башка жаңылыктар:
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!

1. Коммерциялык сунуштарды суроо: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары»

Долбоор жөнүндө:
Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылындагы балдар бакчасынын имаратын кеңейтүү (кошумча имаратты куруу үчүн курулуш, жасалгалоо, электр-техникалык, жылуулук изоляциялоочу материалдарды жана сантехникалык жабдууларды сатып алуу, жеткирүү жана түшүрүү), ошондой эле Чүй облусунун Нижне-Чүй айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасы үчүн балдар унитаздарын сатып алуу жана жеткирүү. Долбоор балдардын болуу шартын жакшыртууга жана мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 17:30га (18:00) чейин

Тапшыруу ыкмасы: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары» белгиси менен administration@goodneighbors.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек

Төлөгүрөөк маалыматты tenders.kg сайтынан 10.09.2026-жылдагы №31706 «Коммерциялык сунуштарды суроо: «Балдар бакчасы үчүн курулуш материалдары»» номери аркылуу караңыздар.


2. Тендер: Балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу

Долбоор жөнүндө:
Ош, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын мектепке чейинки мекемелеринде коопсуз, комфорттуу жана өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүү. Долбоордун милдеттерине сырткы оюн жабдууларын (беседкалар, кумдондор, дөңсөөлөр, маятниктер, каруселдер, оюн үйлөрү) сатып алуу, ташуу, түшүрүү, чогултуу жана монтаждоо, ошондой эле имараттын ичин эмеректер (кербештер, отургучтар, шкафтар), тиричилик техникасы (телевизорлор), килемдер жана окуу-өнүктүрүү топтомдору менен камсыздоо кирет.

Тендердик билдирмелерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 16-сентябры, саат 17:00гө (17:30) чейин

Тапшыруу ыкмасы: милдеттүү түрдө «Балдар бакчалары үчүн жабдуулар жана эмеректер» деген маркировкасы бар чапталган А4 конвертинде Бишкек ш., Жаш Гвардия проспектиси, 2/1 (2-кабат) дареги боюнча тапшыруу керек.

Төлөгүрөөк маалыматты tenders.kg сайтынан 10.09.2026-жылдагы №31708 «Тендер: Балдар бакчалары үчүн оюн жабдууларын, эмеректерди жана окуу-өнүктүрүү материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу» номери аркылуу караңыздар.

Толугу менен окуңуз
Токтогул району: Үч-Терек жана Бель-Алдыдагы балдардын медициналык кароосу

Алыскы айылдарда атайын медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү чектелген: УЗИден өтүү үчүн ата-энелер райондун борборуна өздөрү жол кире төлөп барууга же транспорт жана жатаканага кошумча чыгым тартып, Бишкек шаарына барууга аргасыз болушат.

«Good Neighbors Kyrgyz Republic» филиалы тарабынан уюштурулган акысыз медициналык кароо үй-бүлөлөр үчүн каржылык жана логистикалык тоскоолдуктарды азайтат. Долбоордун реалдуу таасиринин айкын мисалы — Сары-Сөгөт айылындагы баланын окуясы: дарыгерлер анын өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган боордун курч эхинококкозун жана чоң кистаны өз убагында аныкташкан. Үй-бүлөгө дароо кеңеш берилип, алар Бишкек шаарына шашылыш хирургиялык дарылоого жөнөтүлгөн.

Медициналык кароонун катышуучусу менен маек:

Анарбекова Эльнура, Сары-Сөгөт айылынын тургуну:

«Биз «Good Neighbors» уюму менен бир канча жылдан бери иштешип келе жатабыз. Негизинен балдарды атайын медициналык кароодон өткөрүү үчүн бизге алыс жакка, Бишкек шаарына, атүгүл райондун борборуна да алып барып, медициналык кароодон өткөрүү ар кандай себептерден улам мүмкүн болбой калат. А бизге дал ушул айылыбызга атайын аппараттарын алып келип, ушундай жаш балдарыбызды медициналык кароодон өткөрүүгө, алардын ден соолугуна көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгы үчүн биз «Good Neighbors» уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Медициналык кароодон алдын ала өткөрүү абдан маанилүү деп эсептейм: себеби дегенде, биз айрым оорулардын белгилерин учурунда байкабай калышыбыз мүмкүн жана эгер өтүп кетсе, ар кандай аянычтуу окуяларга алып келиши мүмкүн. А бул медициналык кароо аркылуу биз балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүп, алдын ала көзөмөлдөп, ар түрдүү оорулардын алдын ала алабыз!»

Инстаграм видеосу

Толугу менен окуңуз
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! ТЕНДЕРЛЕР!

1. Коммерциялык сунуштарды суроо: Коргон айылындагы Фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча курулуш материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу

Долбоор жөнүндө:

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Коргон айылындагы ФАПтын инфраструктурасын оңдоо жана жаңыртуу. Долбоор курулуш материалдарын сатып алууну жана жеткирүүнү, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууну (полду, эшиктерди, терезелерди алмаштыруу, жалюзи орнотуу, фасадды, чатырды, жылытуу системасын оңдоо, металл тосмо менен дарбаза куруу жана аймакты көрктөндүрүү), ошондой эле таштандыларды тазалап, объектти тапшырууну камтыйт.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 15-сентябры, саат 17:30 (18:00)

Толугураак маалыматты tenders.kg сайтынан 08.09.2026-жылдагы №31683 «Коммерциялык сунуштарды суроо: Коргон айылындагы Фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча курулуш материалдарын сатып алуу, жеткирүү жана курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга КП суроо» жарыясынан караңыз.


2. Конкурс: Мектеп столовойунун шарттарын жакшыртуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жана жеткирүү

Долбоор жөнүндө:

Чүй облусунун Сокулук районундагы Нижне-Чуйское айылындагы Абсамат Масалиев атындагы орто мектебинин столовойун оңдоо үчүн курулуш материалдары менен камсыздоо (мектепте 813 окуучу жана 46 кызматкер бар). Милдеттерге полду, вентиляция системасын, дубалдарды оңдоо жана сырдоо, суу агуучу системаны жана жарыктандырууну жакшыртуу үчүн сапаттуу материалдарды сатып алуу, жеткирүү жана түшүрүү кирет.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 18-сентябры, саат 17:30

Толугураак маалыматты tenders.kg сайтынан 08.09.2026-жылдагы №31666 «Конкурс: Мектеп столовойунун шарттарын жакшыртуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жана жеткирүү» жарыясынан караңыз.


3. Тендер: Суу өткөрүүчү курулма үчүн түтүктөрдү жана бетон шакектерди жеткирүү

Долбоор жөнүндө:

«Эшперов айылындагы сел коркунучун азайтуу» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын «Теш» тилкесиндеги суу өткөрүүчү узел үчүн сапаттуу курулуш материалдарын (түтүктөрдү жана бетон шакектерди) сатып алуу жана жеткирүү. Максаты — сугат жана сел сууларын коопсуз бургулоо жана жергиликтүү инфраструктураны коргоо. Жеткирүү мөөнөтү — 2026-жылдын сентябрь айы. Сунуштар чапталган конвертте гана кабыл алынат.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 21-сентябры, саат 17:00 (17:30)

Толугураак маалыматты tenders.kg сайтынан 08.09.2026-жылдагы №31660 «Тендер: Суу өткөрүүчү курулма үчүн түтүктөрдү жана бетон шакектерди жеткирүү» жарыясынан караңыз.

Толугу менен окуңуз