Сунуштарды кабыл алуу жарыясы
Good Neighbors International уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү – Сунуштарды кабыл алуу жарыясы!
Конкурстун номери: GNKGZ-CfP-003
Каржылоонун жогорку чеги: 1 571 400 сом
Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 29-июну, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59
Уюм жөнүндө
Good Neighbors – бул 1991-жылы негизделген эл аралык гуманитардык жана өнүгүү жаатындагы бейөкмөт уюм. Уюмдун миссиясы – адамдар тынчтыкта жашаган, ачкачылык жок дүйнөнү түзүү. Азыркы учурда Good Neighbors дүйнөнүн 40 өлкөсүндө иш жүргүзөт, негизги басым жамааттарды инклюзивдүү өнүктүрүүгө жана балдарды коргоого жасалат. 1996-жылы уюм БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде (ECOSOC) жалпы консультативдик макамга ээ болгон. 2007-жылы Good Neighbors уюму AICESIS тарабынан “Миллениум өнүгүү максаттары” сыйлыгы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасында Good Neighbors өзүнүн ишин 2014-жылы баштаган, максаты – айыл жергесиндеги жамааттарды социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Кыргыз Республикасындагы Good Neighbors өкүлчүлүгү (мындан ары — GNKGZ) алыскы райондордогу жашоо шарттарын жакшыртууга, сапаттуу билим жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоого, ошондой эле экономикалык жыргалчылыкты камсыздоого багытталган. GNKGZ жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта бир топ ийгиликтерге жетишти. Уюм учурдагы өнөктөштүктөрдү бекемдөөгө жана жаңыларын түзүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бул стратегиялык мамиле мамлекеттин өнүгүү программаларына шайкеш келүүгө жана туруктуу натыйжаларга жетишүүгө көмөктөшөт.
Бүгүнкү күндө GNKGZ төрт жамааттык өнүгүү долбоорун жана башка биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууда. Алардын ичинде Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргелешип каржыланган көп жылдык айыл өнүктүрүү долбоору да бар.
Бериле турган гранттардын саны: 1
Долбоордун болжолдуу башталышы: 2025-жылдын июль айы
Долбоордун узактыгы: 5 ай
Долбоордун географиясы: долбоор Кыргызстандагы 7 облусун, Бишкек жана Ош шаарларын камтууга тийиш.
GNKGZ адам укуктарын жана балдарды коргоону колдогон, жаштарды колдоого жана жыныстык теңдикке өбөлгө түзгөн демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди колдойт. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн, GNKGZ “Кыргызстандагы мектептеги зомбулук жана балдарды коргоо боюнча улуттук изилдөө” долбооруна сунуштарды кабыл алуу жарыясын жарыялайт жана ага катышуу үчүн квалификациялуу изилдөө институттарын же бейөкмөт уюмдарды чакырат.
Бул демилгенин максаты — мектеп чөйрөсүндө балдарды коргоо жана зомбулуктун алдын алуу механизмдерин күчөтүү үчүн далилдерге негизделген маалыматтарды жана саясаттык сунуштарды берүү.
Долбоор Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (ЭСКМ) жана Билим берүү жана илим министрлиги (ББИМ) менен тыгыз кызматташтыкта, GN KGZ тарабынан техникалык жетекчилик жана координациянын негизинде жүргүзүлөт.
Баштапкы негиздеме (Background):
Мыйзамдык кепилдиктерге карабастан, Кыргызстандагы мектептерде окуучулар ар кандай зомбулук түрлөрүнө туш болушат. Алардын катарына кемсинтүү, психологиялык зомбулук жана жергиликтүү деңгээлде дедовщина катары белгилүү болгон иерархиялык зомбулуктун тамырлашкан формасы кирет. Бул көрүнүштө улуураак класстын окуучулары кичүүлөргө үстөмдүк кылуу, мажбурлоо жана кээде физикалык зомбулук көрсөтүү аркылуу өз таасирин күчөтүшөт.
Жоопкерчиликти бөлүштүргөн органдардын аракетинин чачырандысы жана фактыларды жашыруу же кабарлабоо маселени ого бетер татаалдаштырат. Бул изилдөө далилдерге негизделген маалыматтык боштуктарды толтурууну жана мектеп чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн сектор аралык саясатты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүнү көздөйт.
Изилдөөнүн максаты:
-
Кыргызстан боюнча окуучуларга карата мектептеги зомбулуктун түрлөрүн жана таралыш деңгээлин аныктоо;
-
Мектептеги зомбулукка түрткү берген негизги тобокелдик факторлорун жана маданий мамилелерди талдоо;
-
Институционалдык жооп чараларды баалоо (мектептер, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмдөрү – ОЗСД, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы – ИДН ж.б.);
-
Мамлекеттик органдарга, жарандык коом уюмдарына жана эл аралык уюмдарга саясатты жана программаларды өркүндөтүү боюнча так жана ишке жарамдуу сунуштарды иштеп чыгып сунуштоо.
Долбоордун негизги максаттуу топтору (кошумча топтор да камтылышы мүмкүн):
-
10–17 жаштагы мектеп окуучулары
-
Мугалимдер
-
Ата-энелер
-
Мектеп администрациясы
-
Балдарды коргоо системасынын кызматкерлери (МТСПМдин аймактык бөлүмдөрү – ОЗСД, балдар иштери боюнча комиссиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ИДН ж.б.)
Негизги иш-аракеттер:
-
Мектептеги зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамдык базаны, мурдагы изилдөөлөрдү жана иштеп жаткан саясаттарды талдоо (desk review)
-
Кыргызстандагы бардык 7 облуста, Бишкек жана Ош шаарларында талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү (сурамжылоолор, структураланган интервьюлар жана/же фокус-группалар, кейс-стади ыкмалары колдонулат)
-
2025-жылдын 20-ноябрында, Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата, мамлекеттик органдардын, НПОлордун жана эл аралык уюмдардын катышуусунда саясаттык сунуштарды тартуулаган конференция өткөрүү
Күтүлгөн жыйынтыктар (Deliverables):
-
Маалымат чогултуу куралдары (анкета, интервью гайд ж.б.)
-
Баштапкы отчет жана деталдуу иш-план
-
Табылгалар жана негизги багыттар боюнча сунуштар камтылган аналитикалык отчеттун долбоору
-
Конференциянын отчету жана презентациялык материалдар
Эскертүү:
Иштеп чыгуучу уюм сурамжылоонун методологиясын жана выборка ыкмаларын сунушта так жана түшүнүктүү түрдө көрсөтүүгө тийиш.
B. Кимдер катыша алат (Жарактуулук тууралуу маалымат)
Төмөнкү уюмдар катыша алышат:
Кыргыз Республикасында катталган төмөнкү уюмдар:
-
жарандык коом уюмдары,
-
бейөкмөт уюмдар (БӨУ),
-
коммерциялык эмес уюмдар,
-
эл аралык БӨУлардын өкүлчүлүктөрү,
-
илимий/изилдөөчү мекемелер.
Уюмдун балдардын укуктарын коргоо багытында иш тажрыйбасы жана жетишкен натыйжалары болушу керек.
Катыша албаган тараптар:
-
жеке адамдар,
-
мамлекеттик органдар,
-
коммерциялык уюмдар,
-
диний мекемелер,
-
саясий партиялар,
-
менчик ишканалар,
-
каттоосу так эмес же юридикалык макамы бүдөмүк уюмдар,
-
изилдөө жүргүзүү тажрыйбасы жок уюмдар.
C. Өтүнмө берүү тартиби
Өтүнмө тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 29-июну, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59
Төмөнкү документтерди тапшыруу талап кылынат:
-
Долбоор сунушу формасы (Тиркеме 1),
-
Бюджеттик план формасы (Тиркеме 2).
GNKGZ жалгыз 1 долбоорду тандап, эң көп дегенде 1 571 400 сом өлчөмүндө 5 айлык мөөнөткө каржылайт.
Долбоордун мөөнөтү төмөнкүдөй кошумча иш-аракеттерди камтууга тийиш: мониторинг, баалоо, отчеттуулук жана башка.
Улантылып жаткан (ишке ашып жаткан) долбоорлор каржыланбайт.
Бюджет бардык чыгымдарды камтышы керек (мисалы: аудит, мониторинг, баалоо ж.б. зарыл болсо).
Персонал жана административдик чыгымдар (мисалы: айлык маяна, кеңсе ижарасы) жалпы бюджеттин 20%ынан ашпашы керек.
МТСПМ жана/же Билим берүү министрлиги менен кызматташууну камтыган сунуштар артыкчылыкка ээ болот.
Болжолдуу график:
-
2025-жылдын 20-июну – Сунуштарды кабыл алуу жарыясы
-
2025-жылдын 29-июну – Өтүнмөлөрдү тапшыруунун акыркы мөөнөтү
-
2025-жылдын июль айынын башында – Өтүнмөлөрдү баалоо
-
2025-жылдын июль айынын башында – Натыйжаларды жарыялоо
-
2025-жылдын июлу – Долбоордун башталышы күтүлүүдө
Төмөнкү документтерди тапшыруу талап кылынат:
-
Долбоордук сунуш (Тиркеме 1)
-
Бюджеттик план (Тиркеме 2)
-
Иш-чаралардын графиги (Тиркеме 3)
-
Уюмдун мамлекеттик каттоосунун күбөлүгүнүн көчүрмөсү
-
Уставдын көчүрмөсү
-
Акыркы 3 жылга карата финансы аудитинин корутундусунун көчүрмөсү же уюмдун акыркы 3 жылдагы каржылык отчеттору
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 29-июну, саат 23:59, Бишкек убактысы боюнча.
Документтерди төмөнкү дарекке электрондук почта аркылуу жөнөтүү керек:
📧 kyrgyzrepublic@goodneighbors.org
Кайрылууңуздун темасы: “Proposal for School-Based Violence Research”
Милдеттүү тиркемелердин (1–3) шаблондору шилтеме аркылуу жеткиликтүү болот.
Документтер англис тилинде, PDF форматында жөнөтүлүшү керек
(финансылык отчеттор же аудит корутундулары орусча болушу мүмкүн).
GN KGZ сунуштар конкурстун максаттарына туура келбеген учурда каржылоодон баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Суроолор боюнча байланыш үчүн:
📨 Темирлан Абдылдаев – t.abdyldaev@goodneighbors.kg
28-августта Бишкек шаарында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA), КР Агартуу министрлиги, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Good Neighbors Kyrgyz Republic уюму менен биргеликте мектептер үчүн WASH стандарттары боюнча практикалык семинар өткөрдү.
Иш-чаранын башкы максаты мектеп директорлоруна таза суу, санитария жана гигиена стандарттарын билим берүү мекемелерине киргизүү боюнча практикалык колдонмону тапшыруу болду.
Мектептердеги WASH багыты эмнелерди камтыйт?
🔹 Коопсуз таза сууга жана сапаттуу санитардык шарттарга жеткиликтүүлүк.
🔹 Кол жуу үчүн ыңгайлуу жайлар жана тамактануу гигиенасынын эрежелерин сактоо.
🔹 Бардык балдар, анын ичинде майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдүү, жеткиликтүү жана ыңгайлуу чөйрөнү түзүү.
Семинарда мектепте тамактануу долбооруна катышкан мектептердин өкүлдөрү мектептеги саламаттыкты сактоо комитеттеринин ишин жана балдарда пайдалуу адаттарды калыптандыруу ыкмаларын талкуулашты.
📍 Кийинки кадам? Ушул аптада ушундай эле семинар Кыргызстандын түштүк аймактарындагы мектеп өкүлдөрү үчүн Ош шаарында өтөт! Биз биргеликте келечек муун үчүн коопсуз жана дени сак чөйрөнү түзүп жатабыз!
2026-жылдын 25-августунда Good Neighbors уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы «Green Schools for Healthy Nutrition» долбоорунун алкагында Которомо айылындагы К. Чокоев атындагы мектептин базасында «Мектептерде дени сак тамактанууну уюштуруу» деген темада тажрыйба алмашуу боюнча практикалык семинар өткөрдү. Иш-чарага Уч-Терек жана Бель-Алды айылдык аймактарынын мектеп директорлору катышты.
Семинардын башкы максаты — мектеп айланасындагы жер тилкесин натыйжалуу пайдалануу аркылуу мектеп ашканасы үчүн жаңы жашылча-жемиштерди өстүрүү, ошондой эле окуучулардын күнүмдүк рационун пайдалуу ысык тамак менен байытуу мүмкүнчүлүктөрүн катышуучуларга көрсөтүү болду. 🍲🍛
Практикалык кыдыруунун жүрүшүндө К. Чокоев атындагы мектептин жамааты өзүнүн уникалдуу тажрыйбасы менен бөлүштү:
- Өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү: жер тилкесинде алма, бадыраң, картошка, кулпунай, ошондой эле лимон менен банан ийгиликтүү өстүрүлүүдө.
- Жогорку түшүмдүүлүк: мектеп бир сезондо эки жолу түшүм алууда.
- Ишенимдүү сактоо: катышуучуларга түшүмдүн жаңылыгын окуу жылы бою сактоого мүмкүндүк берген, өз күчү менен курулган жер төлө (подвал) көрсөтүлдү.
Катышуучулар практикалык деталдарга чоң кызыгуу көрсөтүп, сугат суу, өсүмдүктөрдү өстүрүү, түшүмдү сактоо маселелерин жана бул тажрыйбаны өз мектептерине адаптациялоону талкуулашты. Мындан тышкары, жетекчилер тоолуу аймактардагы негизги көйгөйлөрдү — айыл чарба сезонунун кыскалыгын жана сугат суунун жетишсиздигин белгилеп өтүштү.
Семинар мектеп чарбасы ысык тамак программасын өнүктүрүүнүн жана балдардын ден соолугун чыңдоонун жеткиликтүү же натыйжалуу куралы экенин айкын далилдеди. 💚
2026-жылдын 20–21-августунда Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун кызматкерлери үчүн «Community Movement: Moving Together, Creating Change» темасында эки күндүк стратегиеттик воркшоп болуп өттү.
Иш-чара 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыгын чыгарууга, стратегиеттик артыкчылыктарды макулдашууга, бөлүмдөр аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана экинчи жарым жылдыкка карата так иш-аракеттер планын иштеп чыгууга багытталган.
Эки күндүк программанын жүрүшүндө кызматкерлер аналитикалык ишке, кесиптик көндүмдөрдү жогорулатууга жана команданы баш коштурууга багытталган бир катар интенсивдүү сессиялардан өтүштү. Катышуучулар 2026–2030-жылдарга карата беш жылдык PPF стратегиясын, Community Movement демилгесин өнүктүрүү маселелерин, SST долбоорлорун жакшыртуу стратегияларын жана WFP HGSF программасын карап чыгышты. Коомчулуктун дареметине дем берүү үчүн жергиликтүү калктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аларды жигердүү тартууга багытталган Бель-Алды айылындагы долбоорлорду биргелешип каржылоо маселесине өзгөчө басым жасалды.
Программа ошондой эле тайм-менеджмент боюнча тренингдерди, коргоо саясатынын стандарттарын (PSE & Safeguarding) жана администрациянын стратегиеттик өнөктөш катары операциялык ролун камтыды.
Инстаграм видеосу