Good Neighbors Kyrgyz Republic жана КНАУ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
2026-жылдын 21-майында Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун директору Чо Сунхенг менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин, биргелешкен ишмердүүлүктүн келечектүү багыттарын, ошондой эле айыл чарба, билим берүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл инновациялык агротехнологияларды киргизүүгө, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана фермерлердин квалификациясын жогорулатууга бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Good Neighbors Kyrgyz Republic менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум заманбап агротехнологияларды киргизүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, анын ичинде IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясы аркылуу иш алып баруу, ошондой эле биргелешкен илимий жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруу багытындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.
Кол коюу аземинен кийин Good Neighbors Kyrgyz Republic уюмунун өкүлдөрү үчүн IN VITRO илимий-өндүрүштүк лабораториясына экскурсия уюштурулду. Экскурсиянын жүрүшүндө лабораториянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде заманбап биотехнологияларды колдонуу менен вируссуз картошка жана башка айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча иштер тааныштырылды.
Белгилей кетсек, ушул жылы Good Neighbors Kyrgyz Republic университет менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Болот Мамбетов айылында вируссуз көчөттөрдү өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.
Тараптар бул кызматташтык Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлерди колдоого багытталган туруктуу жана натыйжалуу долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс өткөн дем алыш күндөрү Болот Мамбетов, Бел-Ады, Жапалак Айыл Өкмөттөрүндөгү жана Айым кооперативдеринин мүчөлөрүнө потенциалды жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү.
Тренингдин негизги максаты кооперативдердин мүчөлөрүнүн көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатуу болгон. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Финансылык сабаттуулук, Кыргыз Республикасында салык салуу жана салыктык жөнгө салуунун негиздери, бухгалтердик эсеп жана долбоорду башкаруу боюнча көбүрөөк маалымат алышты. Потенциалды жогорулатуу боюнча тренингди бул багыттар боюнча квалификациялуу эксперттер алып барышты.
Маалыматтык сессиялардан тышкары тренинг кооперативдин мүчөлөрү үчүн бир арага келип, бири-бири менен тажрыйба алмашуу үчүн сонун аянтча болду. Алдыдагы оруп-жыюу маалында түшүмдүн жемиштүү болушун каалайбыз.
#Cooperatives #Training
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс "Мектептердин базасында СТИМ борборлорду түзүү жолу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу" долбоору боюнча ишин улантууда.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында 19-августтан баштап Талас облусунун Байсейит уулу Эшманбет атындагы Орто Мектебинин мугалимдери үчүн СТИМ усулу боюнча окутуу тренингдин оффлайн бөлүгү башталды.
Бул СТИМ окутуунун методикасын ишке ашыруу боюнча программанын ажырагыс бөлүгү. Тренинг Мугалим Эду билим берүү платформасынын командасы менен биргеликте өткөрүлүүдө. Тренингдин жалпы узактыгы 120 саат. Оффлайн-бөлүк 32 саатты түзөт, ал эми тренингдин калган 88 сааты онлайн форматта өткөрүлөт.
Долбоордун максаты-мектепте балдар алган билимдерин практикада колдонуп, жаңы инновациялык ыкманы колдонуу менен мектеп программасын үйрөнө турган СТИМ-борборлорду түзүү. Борборлор мектептик билимдерди практикалык өздөштүрүү үчүн бардык заманбап шаймандар жана жабдуулар менен жабдылат.
#Education #STEAM #СТЭМ
Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс «Good Mama 2024» долбоорунун үстүндө иштөөнү улантууда. Долбоордун негизги максаты ФАПтын жана ден соолукту чыңдоо борборлорунун кызматкерлерин кош бойлуулуктун пренаталдык жана постнаталдык процесси менен тааныштыруу, ошондой эле өнүгүп келе жаткан түйүлдүккө кантип туура кам көрүү жана эненин ден соолугун сактоо боюнча билимдерин бекемдөө болуп саналат.
Долбоордун алкагында 4 аймактагы ФАП жана АДК өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү. Тренингдерден кийин 80 АДК өкүлдөрү ФАП менен макулдашуу боюнча кош бойлуу аялдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды үзгүлтүксүз кароого чакырышты. Долбоордун алкагында август айынын башында АДКнын ишине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө долбоорго катышкан кош бойлуу аялдар текшерилип, маалымат берилди.
Аймактардагы кош бойлуу аялдарга мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты баланын жана эненин ден соолугуна мүмкүн болуучу коркунучтарды аныктоо жана аларды өз убагында дарылоо болуп саналат.
#GoodMama #Health